Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын токойлорун Улуттук инвентаризациялоонун жыйынтыктарын бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 26-июлу № 407 Кыргыз Республикасынын токойлорун Улуттук инвентаризациялоонун жыйынтыктарын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-апрелиндеги № 145 «Кыргыз Республикасынын токойлоруна Улуттук инвентаризация жүргүзүү жөнүндө» токтомуна ылайык, токойлорду туруктуу башкаруу, биотүрдүүлүктү сактоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛТ:
1. Кыргыз Республикасынын токойлорун Улуттук инвентаризациялоонун жыйынтыгы бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын токойлорун Улуттук инвентаризациялоонун жыйынтыгын эске алуу менен:
- Кыргыз Республикасынын токой мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарылдыгына карата талдоо жүргүзсүн;
- токойлорду картага түшүрүү процессин өркүндөтүү үчүн аралыктан иликтөөнү жана геомаалыматтык системаны пайдалануу менен инвестицияларды тартуу маселесин иштеп чыксын;
- ушул токтомдун тиркемесине ылайык мөөнөттөрдө Бирдиктүү токой фондуна жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына токой жайгаштырууну жүргүзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттиги менен бирдикте жүргүзүлгөн токой жайгаштыруунун натыйжалары боюнча мамлекеттик токой фондунан жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынан сыртта жайгашкан токойлорду оперативдүү башкаруу боюнча сунуштарды киргизсин;
- алынган материалдын негизинде текст жана графикалык материалдар түрүндө Кыргыз Республикасынын токойлорунун абалы жөнүндө Мамлекеттик (Улуттук) отчёттун долбоорун даярдасын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна берсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы менен бирдикте жүргүзүлгөн токой жайгаштыруунун жыйынтыктары боюнча белгиленген тартипте категориялар жана жер пайдалануучулар боюнча Кыргыз Республикасынын жерлерин мамлекеттик эсепке алуунун жыйынтыктарына жана жерлердин түрү боюнча Кыргыз Республикасынын жер фондун бөлүштүрүүгө өзгөртүүлөрдү киргизсин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетине милдеттүү түрдө маалымат берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул токтомдун тиркемесине ылайык иш-чараларды өткөрүүгө тийиштүү финансылык жылга каражаттардын чегинде финансылык каражаттарды карасын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
А. Атамбаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-июлуңдагы № 407 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын токойлорун Улуттук инвентаризациялоонун жыйынтыктары
№
Облустардын аталыштары
Жалпы баскан токой аянт
анын ичинде:
Мамлекеттик токой фондунда жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарында токой баскан аянты
Мамлекеттик токой фондунан жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынан сыртта жайгашкан токойлордун аянты
миң га
%
миң га
%
миң га
%
1
Баткен
166,50
0,83
138,77
0,69
27,73
0,14
2
Ош
186,31
0,93
110,55
0,55
75,76
0,38
3
Жалал-Абад
380,25
1,90
324,80
1,62
55,45
0,28
4
Талас
61,01
0,33
28,06
0,16
32,95
0,16
5
Чүй
44,53
0,22
30,96
0,15
13,57
0,07
6
Ысык-Көл
142,36
0,71
102,80
0,51
39,56
0,20
7
Нарын
135,60
0,68
103,62
0,52
31,98
0,16
Республика боюнча бардыгы:
1116,56
5,61
839,56
4,22
277,00
1,39
Тиркеме
Кыргыз Республикасында
Бирдиктүү токой фондуна жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарына токой жайгаштырууну жүргүзүү
№
Облустардын аталышы
МТФ миң га
ӨКЖА миң га
МТФ жана ӨКЖА сыртта жайгашкан токойлор миң га
Бардыгы миң га
Аткаруу мөөнөтү жыл
Сумма, сом
1
Чүй
59,33
125,94
13,57
198,84
2011
3756000
2
Талас
115,46
91,48
32,95
239,89
2012
3756000
3
Ысык-Көл
348,21
129,2
39,56
516,97
2013-2014
6586000
4
Жалал-Абад
732,7
173,12
55,45
961,27
2015-2017
10718000
5
Ош
513,19
52,94
75,76
641,89
2018-2019
6636000
6
Баткен
493,74
66,19
27,73
587,66
2020-2021
6000000
7
Нарын
414,11
83,03
31,98
529,12
2022-2023
5478000
Республика боюнча бардыгы:
2676,74
721,9
277
3675,64
42930000
Эскертүү: МТФ - мамлекеттик токой фонду; ӨКЖА - өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- 2013-2017-жылдарга Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүүгө өткөрүү боюнча ПрограммаПрограмма · 30.04.2013 · № 218
- Тогуз-Торо айылдык кеңешинин 2021-жылдын 1-сентябрындагы № 19 "Кыргыз Республикасынын ѳкмѳтүнүн 2011-жылдын 26-июлундагы №407 “Кыргыз Республикасынын токойлоруна Улуттук…Постановление · 01.09.2021 · № 19
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 7-августундагы № 553 "Кыргыз Республикасынын 2006-2011-жылдарда курчап турган чөйрөсүнүн абалы жөнүндө улуттук докладды жактыруу тууралуу" токтомуПостановление · 07.08.2012 · № 553 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 2-октябрындагы № 549 "2017-жылга чейин Кыргыз Республикасында климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоонун артыкчылыктуу багыттарын бекитүү жөнүндө"…Постановление · 02.10.2013 · № 549 · Күчүн жоготкон