Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн ««Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-06-02.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 2-июну № 282 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
А. Атамбаев
Долбоор
Кыргыз Республикасынын
МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене. «Мугалимдин статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2000-жыл, №11, 683-берене) төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 7-беренеде:
1) биринчи бөлүгүндөгү «билимин, педагогикалык стажын эске алуу менен аттестациянын жыйынтыгына жараша жана Бирдей тарифтик сетканын (БТС) негизинде» деген сөздөр алып салынсын;
2) 5, 7, 8, 9-бөлүктөр күчүн жоготту деп табылсын.
2-берене. «Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2000-жыл, № 4, 169-берене) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: 21-берененин 2-бөлүгүндө:
1) экинчи сүйлөмдөгү», ошондой эле «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесине ылайык жаш мугалимдерге берилүүчү жеңилдиктер» деген сөздөр алып салынсын;
2) үчүнчү сүйлөм алып салынсын.
3-берене. «Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосту, 2003-жыл, №8, 323-берене) төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: 32-беренеде:
1) 2-бөлүк төмөнкү редакцияда берилсин:
«Мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.»;
2) 5-бөлүк төмөнкү редакцияда берилсин:
«Айыл жерлеринде жайгашкан билим берүү уюмдарында иштегендиги үчүн педагогикалык кызматкерлерге кошумча акы төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте белгиленет.»;
3) 9-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын.
4-берене. «Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына («Эркин Тоо» гезити, 2009-жылдын 10-июлу, 2009-жылдын 20-июлу № 57-58) төмөнкү өзгөртүү киргизилсин: 20-беренесинин 2-бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын. 5-берене. Бул Мыйзам 2011-жылдын 1-майынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 30-июнундагы № 877-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" ("Мугалимдин статусу жөнүндө", "Кесиптик…Постановление · 30.06.2011 · № 877-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 30-июнундагы № 878-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" ("Мугалимдин статусу жөнүндө", "Кесиптик…Постановление · 30.06.2011 · № 878-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 30-июнундагы № 879-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө" ("Мугалимдин статусу жөнүндө", "Кесиптик…Постановление · 30.06.2011 · № 879-V
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
Шилтеме берет (6)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 30.04.2003 · № 92 · Күчүн жоготкон
- Мугалимдин статусу жөнүндөЗакон · 14.01.2001 · № 9 · Күчүн жоготкон
- Кесиптик башталгыч билим берүү жөнүндөЗакон · 26.11.1999 · № 129 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Мектепке чейинки билим беруу жонундоЗакон · 29.06.2009 · № 198 · Күчүн жоготкон