Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун тууралуу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-05-17.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 17-майы № 233 "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри ушул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
А.Атамбаев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө 1-берене. Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2008-ж., № 8, 922-б.) төмөнкү толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин: 257-беренеде: 1-бөлүгү төмөнкү мазмундагы 13-пункт менен толукталсын: "13) айнек кайнатуучу мештерди куруу жана реконструкциялоо үчүн атайын товарлар."; 2-бөлүгүндөгү "жана 10" деген сөз жана цифра ",10 жана 13" деген цифралар жана сөз менен алмаштырылсын. 2-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА
| Колдонулуудагы Мыйзам | Мыйзамдын сунушталган долбоору |
|---|---|
| 257-берене. Импорттолуучу товарларды КНСтен бошотуу 1. Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу төмөнкүдөй товарлар КНС төлөөдөн бошотулат: 1) баалуу кагаздар, Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортторунун жана аныкталган үлгүдөгү ким экенин билдирүүчү күбөлүктөрүнүн бланктары; 2) майыптар үчүн атайын товарлар; 3) окуу куралдар жана мектептик окуу буюмдары, илимий басылмалар; 4) Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдары менен аныкталган бажылык режимдердин алкагында КНС төлөөдөн бошотуу каралган товарлар; 5) сейсмикалык абалды өлчөө жана контролдоо боюнча геологиялык экспедициялардын илимий жабдуулары (геофизикалык, геодезиялык); 6) акциздик жыйымдын маркалары жана валюта нумизматтык максатта пайдалануудан башка; 7) өзгөчө кырдаалдардын, куралдуу жаңжалдардын кесепеттерин жоюуда жардам көрсөтүү үчүн; 8) гуманитардык жардам, грант катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу тартипте; 9) эл аралык келишимдерге ылайык расмий пайдалануучу чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери жана эл аралык уюмдар, ошондой эле жеке пайдалануучу дипломатиялык агенттер үй-бүлөлөрү менен кошо; 10) балдардын тамак-ашы; 11) жаратылыш газы; 12) дары каражаттары. 2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2, 3 жана 10-пункттарында көрсөтүлгөн товарларды импорттоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Евразия Экономикалык Шериктештигинин Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына (мындан ары ТНВЭД) ылайык аныктоочу тизмеге ылайык КНС төлөөдөн бошотулат. (КР 2011-жылдын 11-мартындагы N 5 Мыйзамынын редакциясына ылайык) Өкмөтү аныктоочу тартипте; | 257-берене. Импорттолуучу товарларды КНСтен бошотуу 1. Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу төмөнкүдөй товарлар КНС төлөөдөн бошотулат: 1) баалуу кагаздар, Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортторунун жана аныкталган үлгүдөгү ким экенин билдирүүчү күбөлүктөрүнүн бланктары; 2) майыптар үчүн атайын товарлар; 3) окуу куралдар жана мектептик окуу буюмдары, илимий басылмалар; 4) Кыргыз Республикасынын бажы мыйзамдары менен аныкталган бажылык режимдердин алкагында КНС төлөөдөн бошотуу каралган товарлар; 5) сейсмикалык абалды өлчөө жана контролдоо боюнча геологиялык экспедициялардын илимий жабдуулары (геофизикалык, геодезиялык); 6) акциздик жыйымдын маркалары жана валюта нумизматтык максатта пайдалануудан башка; 7) өзгөчө кырдаалдардын, куралдуу жаңжалдардын кесепеттерин жоюуда жардам көрсөтүү үчүн; 8) гуманитардык жардам, грант катары Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктоочу тартипте; 9) эл аралык келишимдерге ылайык расмий пайдалануучу чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери жана эл аралык уюмдар, ошондой эле жеке пайдалануучу дипломатиялык агенттер үй-бүлөлөрү менен кошо; 10) балдардын тамак-ашы; 11) жаратылыш газы; 12) дары каражаттары; [13) айнек кайнатуучу мештерди куруу жана реконструкциялоо үчүн атайын товарлар.] 2. Ушул берененин 1-бөлүгүнүн 2, [3, 10 жана 13]-пункттарында көрсөтүлгөн товарларды импорттоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Евразия Экономикалык Шериктештигинин Тышкы экономикалык иштин товардык номенклатурасына (мындан ары ТНВЭД) ылайык аныктоочу тизмеге ылайык КНС төлөөдөн бошотулат. (КР 2011-жылдын 11-мартындагы N 5 Мыйзамынын редакциясына ылайык) |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 9-июнундагы № 533-V "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамынын долбоорун…Постановление · 09.06.2011 · № 533-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 9-июнундагы № 534-V "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун…Постановление · 09.06.2011 · № 534-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 9-июнундагы № 535-V "Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын кабыл алуу…Постановление · 09.06.2011 · № 535-V
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларын күчүн жоготту деп табуу жана Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндөЗакон · 11.03.2011 · № 5
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон