Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн ««Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-04-29.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 29-апрели № 195 «Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын эмгек, ишке орноштуруу жана миграция министри бул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши караган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министри
А. Атамбаев
Долбоор
Кыргыз Республикасынын
Мыйзамы
«Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө»
1-берене. «Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2008-ж., № 6/1, 6-48-беренелер) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 10-берененин 1-бөлүгү «муниципалдык кызмат» деген сөздөрдөн кийин «кызматтан көтөрүлүүдө» деген сөздөр менен толукталсын.
2. 23-берененин 1 жана 3-бөлүктөрү күчүн жоготту деп табылсын.
3. 24-беренеде:
2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин: «Жогорку Кеңеш өз компетенциясынын чегинде бир жыныстагы адамдардын жетимиш проценттен ашпаган өкүлчүлүгүн эске алуу менен:
- Президенттин сунушу боюнча Жогорку соттун судьяларын (анын ичинде Конституциялык палатанын судьялары) шайлайт;
- Судьяларды тандоо боюнча кеңештин курамын бекитет;
- Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын мүчөлөрүн шайлайт;
- Эсеп палатасынын мүчөлөрүн шайлайт;
- гендерлик теңчиликти эске алуу менен Акыйкатчынын (Омбудсменинин) сунушу боюнча Акыйкатчынын (Омбудсмендин) орун басарларын шайлайт;
3-бөлүк күчүн жоготту деп табылсын.
4. 25-берене төмөнкү мазмундагы биринчи жана үчүнчү абзацтары менен толукталсын:
«- гендерлик саясаттын негизги багыттарын аныктайт;
- мыйзамда белгиленген жана эл аралык милдеттенмелерине ылайык түрдүү социалдык топтор үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыздоого багытталган гендерлик саясатты ишке ашырууну камсыздоо боюнча атайын чараларды ишке ашырат;».
5. 32-берененин 1-бөлүгүндөгү «Прокуратура ишке ашырат» деген сөздөр «прокуратура органдары ишке ашырат» деген сөздөргө алмаштырылсын.
2-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 17-июнундагы № 673-V "Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктардын жана бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 17.06.2011 · № 673-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 17-июнундагы № 674-V "Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктардын жана бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 17.06.2011 · № 674-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 17-июнундагы № 675-V "Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктардын жана бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 17.06.2011 · № 675-V
Шилтеме берет (4)
- Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндөЗакон · 04.08.2008 · № 184
- "Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду…Закон · 14.07.2011 · № 97
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон