Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун жактыруу жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-03-29.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 29-марты № 126 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун жактыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине кароого киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесине ылайык кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусунун төрагасы аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
А.Атамбаев
Долбоор
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу 1-берене.
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2004-ж., № 5, 229-б.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин: 6-беренеде:
1. 2-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын:
"Камсыздандыруу полиси жеке жак белгилүү бир мезгилге камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөндүгү жөнүндө документ болуп эсептелет.".
2. 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"3. Жалданма кызматкерлердин эмгегин пайдалануучу жеке ишкерлер өз пайдасына камсыздандыруу төгүмдөрүн чегерүүнү жана төлөөнү ушул берененин 1 же 2-пункттарына ылайык ишке ашырат, ал эми жалданма кызматкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн чегерүүнү, төлөөнү жана фонддор боюнча бөлүштүрүүнү ушул Мыйзамдын 2-беренесине ылайык жүргүзөт, буга текстиль жана тигүү өндүрүшүндө иштеген жеке ишкерлер жана алардын жалданма жумушчулары кирбейт. Текстиль жана тигүү өндүрүшүндө иштеген жеке ишкерлер-жумуш берүүчүлөр жана алардын жалданма жумушчулары үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифи төмөнкүдөй белгиленет:
1) 2010-жылдын 1-январынан баштап 31-декабрына чейин - 2,5 пайыз өлчөмүндө:
а) жумуш берүүчүлөр үчүн - ай сайын, орточо эмгек акынын Пенсиялык фондго чегерилүүчү 40 пайызы өлчөмүнөн 1,5 пайыз өлчөмүндө;
б) жумушчулар үчүн - ай сайын, орточо эмгек акынын Пенсиялык фондго чегерилүүчү 40 пайызы өлчөмүнөн 1 пайыз өлчөмүндө;
2) 2011-жылдын 1-январынан баштап 31-декабрына чейин - 5,25 пайыз өлчөмүндө:
а) жумуш берүүчүлөр үчүн - ай сайын, орточо эмгек акынын чегерилүүчү 40 пайызы өлчөмүнөн 3,25 пайыз өлчөмүндө.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкү өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 2 пайыз; Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 1 пайыз; Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз;
б) жумушчулар үчүн - ай сайын, орточо эмгек акынын Пенсиялык фондго чегерилүүчү 40 пайызы өлчөмүнөн 2 пайыз өлчөмүндө;
3) 2012-жылдын 1-январынан баштап 31-декабрына чейин - 6,75 пайыз өлчөмүндө:
а) жумуш берүүчүлөр үчүн - ай сайын, орточо эмгек акынын чегерилүүчү 40 пайызы өлчөмүнөн 4,75 пайыз өлчөмүндө.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкү өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 3,5 пайыз; Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 1 пайыз; Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз;
б) жумушчулар үчүн - ай сайын, орточо эмгек акынын Пенсиялык фондго чегерилүүчү 40 пайызы өлчөмүнөн 2 пайыз өлчөмүндө;
4) 2013-жылдын 1-январынан баштап 31-декабрына чейин - 8,75 пайыз өлчөмүндө:
а) жумуш берүүчүлөр үчүн - ай сайын, орточо эмгек акынын чегерилүүчү 40 пайызы өлчөмүнөн 4,75 пайыз өлчөмүндө.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкү өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 3,5 пайыз; Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 1 пайыз; Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз;
б) жумушчулар үчүн - ай сайын, орточо эмгек акынын чегерилүүчү 40 пайызы өлчөмүнөн 4 пайыз өлчөмүндө;
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкү өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 2 пайыз; Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондуна - 2 пайыз;
5) 2014-жылдын 1-январынан баштап 31-декабрына чейин - 10,75 пайыз өлчөмүндө:
а) жумуш берүүчүлөр үчүн - ай сайын, орточо эмгек акынын чегерилүүчү 40 пайызы өлчөмүнөн 6,75 пайыз өлчөмүндө.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкү өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 4,5 пайыз; Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 2 пайыз; Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз;
б) жумушчулар үчүн - ай сайын, орточо эмгек акынын чегерилүүчү 40 пайызы өлчөмүнөн 4 пайыз өлчөмүндө;
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкү өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 2 пайыз; Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондуна - 2 пайыз;
6) 2015-жылдын 1-январынан баштап 31-декабрына чейин - 12,75 пайыз өлчөмүндө:
а) жумуш берүүчүлөр үчүн - ай сайын, орточо эмгек акынын чегерилүүчү 40 пайызы өлчөмүнөн 7,75 пайыз өлчөмүндө.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкү өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 5,5 пайыз; Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 2 пайыз; Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз;
б) жумушчулар үчүн - ай сайын, орточо эмгек акынын чегерилүүчү 40 пайызы өлчөмүнөн 5 пайыз өлчөмүндө;
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкү өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 3 пайыз; Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондуна - 2 пайыз;
7) 2016-жылдын 1-январынан баштап 31-декабрына чейин - 14,75 пайыз өлчөмүндө:
а) жумуш берүүчүлөр үчүн - ай сайын, орточо эмгек акынын чегерилүүчү 40 пайызы өлчөмүнөн 8,75 пайыз өлчөмүндө.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкү өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 6,5 пайыз; Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 2 пайыз; Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз;
б) жумушчулар үчүн - ай сайын, орточо эмгек акынын чегерилүүчү 40 пайызы өлчөмүнөн 6 пайыз өлчөмүндө;
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкү өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 4 пайыз; Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондуна - 2 пайыз;
8) 2017-жылдын 1-январынан баштап 31-декабрына чейин - 16,75 пайыз өлчөмүндө:
а) жумуш берүүчүлөр үчүн - ай сайын, орточо эмгек акынын чегерилүүчү 40 пайызы өлчөмүнөн 8,75 пайыз өлчөмүндө.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкү өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 6,5 пайыз; Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 2 пайыз; Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз;
б) жумушчулар үчүн - ай сайын, орточо эмгек акынын чегерилүүчү 40 пайызы өлчөмүнөн 8 пайыз өлчөмүндө;
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкү өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 6 пайыз; Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондуна - 2 пайыз;
9) 2018-жылдын 1-январынан баштап 31-декабрына чейин - 19,75 пайыз өлчөмүндө:
а) жумуш берүүчүлөр үчүн - ай сайын, орточо эмгек акынын чегерилүүчү 40 пайызы өлчөмүнөн 10,75 пайыз өлчөмүндө.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкү өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 8,5 пайыз; Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 2 пайыз; Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз;
б) жумушчулар үчүн - ай сайын, орточо эмгек акынын чегерилүүчү 40 пайызы өлчөмүнөн 9 пайыз өлчөмүндө;
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкү өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 7 пайыз; Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондуна - 2 пайыз;
10) 2019-жылдын 1-январынан баштап 31-декабрына чейин - 23,75 пайыз өлчөмүндө:
а) жумуш берүүчүлөр үчүн - ай сайын, орточо эмгек акынын чегерилүүчү 40 пайызы өлчөмүнөн 13,75 пайыз өлчөмүндө.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкү өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 11,5 пайыз; Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 2 пайыз; Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз;
б) жумушчулар үчүн - ай сайын, орточо эмгек акынын чегерилүүчү 40 пайызы өлчөмүнөн 10 пайыз өлчөмүндө;
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкү өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 8 пайыз; Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондуна - 2 пайыз;
11) 2020-жылдын 1-январынан баштап 31-декабрына чейин - 27,25 пайыз өлчөмүндө:
а) жумуш берүүчүлөр үчүн - ай сайын, орточо эмгек акынын чегерилүүчү 40 пайызы өлчөмүнөн 17,25 пайыз өлчөмүндө.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкү өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго- 15 пайыз; Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 2 пайыз; Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз;
б) жумушчулар үчүн - ай сайын, орточо эмгек акынын чегерилүүчү 40 пайызы өлчөмүнөн 10 пайыз өлчөмүндө;
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкү өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 8 пайыз; Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондуна - 2 пайыз. Текстиль жана тигүү өндүрүшүндө иштеген жеке ишкерлер жана алардын жалданма жумушчулары үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө камсыздандыруу полистерин сатып алуу жолу менен жүргүзүлөт. Текстиль жана тигүү өндүрүшүндө иштеген жеке ишкерлер жана алардын жалданма жумушчулары үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Бул Мыйзам 2010-жылдын 1-январынан баштап колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Президенти
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна
САЛЫШТЫРМА ТАБЛИЦА
| Колдонуудагы редакция | Сунуш кылынган редакция |
|---|---|
| 6-берене. Жекече ишкердик жүргүзгөн жеке жактар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин чен-бычымдары 2. Уюмду түзбөгөн, патенттик негизде атайын салык режими колдонулган (кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдү ижара берүүдөн киреше алуучу жеке ишкерлерди кошпогондо) жеке ишкерлер камсыздандыруу төгүмдөрүн камсыздандыруу полистерин сатып алуу жолу менен төлөшөт. Камсыздандыруу полистерин сатып алуунун тартибин, алардын наркын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүүнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт. | 6-берене. Жекече ишкердик жүргүзгөн жеке жактар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин чен-бычымдары 2. Уюмду түзбөгөн, патенттик негизде атайын салык режими колдонулган (кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрдү ижара берүүдөн киреше алуучу жеке ишкерлерди кошпогондо) жеке ишкерлер камсыздандыруу төгүмдөрүн камсыздандыруу полистерин сатып алуу жолу менен төлөшөт. Камсыздандыруу полистерин сатып алуунун тартибин, алардын наркын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүүнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт. КАМСЫЗДАНДЫРУУ ПОЛИСИ ЖЕКЕ ЖАК БЕЛГИЛҮҮ БИР МЕЗГИЛГЕ КАМСЫЗДАНДЫРУУ ТӨГҮМДӨРҮН ТӨЛӨГӨНДҮГҮ ЖӨНҮНДӨ ДОКУМЕНТ БОЛУП ЭСЕПТЕЛЕТ. |
| 3. Жалданма кызматкерлердин эмгегин пайдалануучу жеке ишкерлер өз пайдасына камсыздандыруу төгүмдөрүн чегерүүнү жана төлөөнү ушул статьянын 1 же 2-пункттарына ылайык ишке ашырат, ал эми жалданган кызматкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн чегерүүнү, төлөөнү жана фонддор боюнча бөлүштүрүүнү ушул Мыйзамдын 2-беренесине ылайык жүргүзөт. (2-берене. Уюштуруу-укуктук формасына жана менчигинин түрүнө карабастан юридикалык жактар, алардын өзгөчөлөнгөн кичи бөлүмдөрү (филиалдар жана өкүлчүлүктөр), ошондой эле аларда иштеген жеке жактар үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин чендери Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери төмөндөгүдөй белгиленет: 1. Иш берүүчүлөр үчүн: а) жалданган кызматкерлердин, туруктуу же убактылуу жумушка, иш берүүчүнүн менчигинин түрүнө жана Кыргыз Республикасынын салык кызматынын органдарындагы каттоонун түрүнө карабастан аткарууга кабыл алынгандардын анын ичинде Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын - 17,25 пайыз өлчөмүндө. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөндөгүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 15 пайыз; Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 2 пайыз; Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз; б) I жана II топтогу майып кызматкерлердин пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын - 15,25 пайыз өлчөмүндө. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 15 пайыз; Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз; в) Кыргыз Республикасында убактылуу жүргөн же башка мамлекетте жашап, бирок Кыргыз Республикасында катталган юридикалык жак менен эмгектик мамилелерде болгон чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок кызматкер адамдардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын: Пенсиялык фондго - пенсиянын тиешелүү бөлүгүнө - 3 пайыз. г) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин элчиликтеринин, консульстволорунун жана башка чет өлкөлүк мекемелеринин кызматкерлеринин пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн - 15,25 пайыз өлчөмүндө. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөлүк мекемелеринин кызматкерлери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 15 пайыз; Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз. а) жалданган туруктуу же убактылуу жумушка, иш берүүчүнүн менчигинин түрүнө жана Кыргыз Республикасынын салык кызматынын органдарындагы каттоонун түрүнө карабастан кызматкерлер, анын ичинде Кыргыз Республикасында туруктуу жашаган чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар каржылоо булактарына карабастан алардын пайдасына чегерилген бардык төлөмдөрдүн түрлөрүнөн ай сайын - 10 пайыз өлчөмүндө. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 8 пайыз; Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна - 2 пайыз; б) I жана II топтогу майып - кызматкерлер (Улуу Ата Мекендик согуштун майыптарынан жана аларга теңештирилгендерден башкалар) үчүн каржылоо булактарына карабастан алардын пайдасына чегерилген төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнөн ай сайын - 4 пайыз өлчөмүндө. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 8 пайыз; Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна - 2 пайыз; в) Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин элчиликтеринин, консульстволорунун жана башка чет өлкөлүк мекемелеринин кызматкерлери - 10 пайыз өлчөмүндө. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин чет өлкөлүк мекемелеринин кызматкерлеринин камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте жүзөгө ашырылат. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү ушул пункттун "а" пунктчасына ылайык жүргүзүлөт.). | 3. Жалданма кызматкерлердин эмгегин пайдалануучу жеке ишкерлер өз пайдасына камсыздандыруу төгүмдөрүн чегерүүнү жана төлөөнү ушул статьянын 1 же 2-пункттарына ылайык ишке ашырат, ал эми жалданган кызматкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн чегерүүнү, төлөөнү жана фонддор боюнча бөлүштүрүүнү ушул Мыйзамдын 2-беренесине ылайык жүргүзөт, ушул Мыйзамдын 2-беренесине ылайык жүргүзөт, буга текстиль жана тигүү өндүрүшүндө иштеген жеке ишкерлер жана алардын жалданма жумушчулары кирбейт. Текстиль жана тигүү өндүрүшүндө иштеген жеке ишкерлер-жумуш берүүчүлөр жана алардын жалданма жумушчулары үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифи төмөнкүдөй белгиленет: 1) 2010-ЖЫЛДЫН 1-ЯНВАРЫНАН БАШТАП 31-ДЕКАБРЫНА ЧЕЙИН - 2,5 ПАЙЫЗ ӨЛЧӨМҮНДӨ: а) жумуш берүүчүлөр үчүн - ай сайын, орточо эмгек акынын Пенсиялык фондго чегерилүүчү 40 пайызы өлчөмүнөн 1,5 пайыз өлчөмүндө; б) жумушчулар үчүн - ай сайын, орточо эмгек акынын Пенсиялык фондго чегерилүүчү 40 пайызы өлчөмүнөн 1 пайыз өлчөмүндө; 2) 2011-ЖЫЛДЫН 1-ЯНВАРЫНАН БАШТАП 31-ДЕКАБРЫНА ЧЕЙИН - 5,25 ПАЙЫЗ ӨЛЧӨМҮНДӨ: а) жумуш берүүчүлөр үчүн - ай сайын, орточо эмгек акынын чегерилүүчү 40 пайызы өлчөмүнөн 3,25 пайыз өлчөмүндө. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкү өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 2 пайыз; Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 1 пайыз; Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз; б) жумушчулар үчүн - ай сайын, орточо эмгек акынын Пенсиялык фондго чегерилүүчү 40 пайызы өлчөмүнөн 2 пайыз өлчөмүндө; 3) 2012-ЖЫЛДЫН 1-ЯНВАРЫНАН БАШТАП 31-ДЕКАБРЫНА ЧЕЙИН - 6,75 ПАЙЫЗ ӨЛЧӨМҮНДӨ: а) жумуш берүүчүлөр үчүн - ай сайын, орточо эмгек акынын чегерилүүчү 40 пайызы өлчөмүнөн 4,75 пайыз өлчөмүндө. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкү өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 3,5 пайыз; Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна -1 пайыз; Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз; б) жумушчулар үчүн - ай сайын, орточо эмгек акынын Пенсиялык фондго чегерилүүчү 40 пайызы өлчөмүнөн 2 пайыз өлчөмүндө; 4) 2013-ЖЫЛДЫН 1-ЯНВАРЫНАН БАШТАП 31-ДЕКАБРЫНА ЧЕЙИН - 8,75 ПАЙЫЗ ӨЛЧӨМҮНДӨ: а) жумуш берүүчүлөр үчүн - ай сайын, орточо эмгек акынын чегерилүүчү 40 пайызы өлчөмүнөн 4,75 пайыз өлчөмүндө. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкү өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 3,5 пайыз; Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 1 пайыз; Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз; б) жумушчулар үчүн - ай сайын, орточо эмгек акынын чегерилүүчү 40 пайызы өлчөмүнөн 4 пайыз өлчөмүндө Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкү өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 2 пайыз; Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондуна - 2 пайыз; 5) 2014-ЖЫЛДЫН 1-ЯНВАРЫНАН БАШТАП 31-ДЕКАБРЫНА ЧЕЙИН - 10,75 ПАЙЫЗ ӨЛЧӨМҮНДӨ: а) жумуш берүүчүлөр үчүн - ай сайын, орточо эмгек акынын чегерилүүчү 40 пайызы өлчөмүнөн 6,75 пайыз өлчөмүндө. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкү өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 4,5 пайыз; Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 2 пайыз; Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз; б) жумушчулар үчүн - ай сайын, орточо эмгек акынын чегерилүүчү 40 пайызы өлчөмүнөн 4 пайыз өлчөмүндө Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкү өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 2 пайыз; Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондуна - 2 пайыз; 6) 2015-ЖЫЛДЫН 1-ЯНВАРЫНАН БАШТАП 31-ДЕКАБРЫНА ЧЕЙИН - 12,75 ПАЙЫЗ ӨЛЧӨМҮНДӨ: а) жумуш берүүчүлөр үчүн - ай сайын, орточо эмгек акынын чегерилүүчү 40 пайызы өлчөмүнөн 7,75 пайыз өлчөмүндө. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкү өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 5,5 пайыз; Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 2 пайыз; Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз; б) жумушчулар үчүн - ай сайын, орточо эмгек акынын чегерилүүчү 40 пайызы өлчөмүнөн 5 пайыз өлчөмүндө Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкү өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 3 пайыз; Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондуна - 2 пайыз; 7) 2016-ЖЫЛДЫН 1-ЯНВАРЫНАН БАШТАП 31-ДЕКАБРЫНА ЧЕЙИН - 14,75 ПАЙЫЗ ӨЛЧӨМҮНДӨ: а) жумуш берүүчүлөр үчүн - ай сайын, орточо эмгек акынын чегерилүүчү 40 пайызы өлчөмүнөн 8,75 пайыз өлчөмүндө. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкү өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 6,5 пайыз; Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 2 пайыз; Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз; б) жумушчулар үчүн - ай сайын, орточо эмгек акынын чегерилүүчү 40 пайызы өлчөмүнөн 6 пайыз өлчөмүндө Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкү өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 4 пайыз; Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондуна - 2 пайыз; 8) 2017-ЖЫЛДЫН 1-ЯНВАРЫНАН БАШТАП 31-ДЕКАБРЫНА ЧЕЙИН - 16,75 ПАЙЫЗ ӨЛЧӨМҮНДӨ: а) жумуш берүүчүлөр үчүн - ай сайын, орточо эмгек акынын чегерилүүчү 40 пайызы өлчөмүнөн 8,75 пайыз өлчөмүндө. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкү өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 6,5 пайыз; Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 2 пайыз; Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз; б) жумушчулар үчүн - ай сайын, орточо эмгек акынын чегерилүүчү 40 пайызы өлчөмүнөн 8 пайыз өлчөмүндө; Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкү өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 6 пайыз; Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондуна - 2 пайыз; 9) 2018-ЖЫЛДЫН 1-ЯНВАРЫНАН БАШТАП 31-ДЕКАБРЫНА ЧЕЙИН - 19,75 ПАЙЫЗ ӨЛЧӨМҮНДӨ: а) жумуш берүүчүлөр үчүн - ай сайын, орточо эмгек акынын чегерилүүчү 40 пайызы өлчөмүнөн 10,75 пайыз өлчөмүндө. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкү өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 8,5 пайыз; Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 2 пайыз; Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз; б) жумушчулар үчүн - ай сайын, орточо эмгек акынын чегерилүүчү 40 пайызы өлчөмүнөн 9 пайыз өлчөмүндө; Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкү өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 7 пайыз; Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондуна - 2 пайыз; 10) 2019-ЖЫЛДЫН 1-ЯНВАРЫНАН БАШТАП 31-ДЕКАБРЫНА ЧЕЙИН - 23,75 ПАЙЫЗ ӨЛЧӨМҮНДӨ: а) жумуш берүүчүлөр үчүн - ай сайын, орточо эмгек акынын чегерилүүчү 40 пайызы өлчөмүнөн 13,75 пайыз өлчөмүндө. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкү өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 11,5 пайыз; Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 2 пайыз; Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз; б) жумушчулар үчүн - ай сайын, орточо эмгек акынын чегерилүүчү 40 пайызы өлчөмүнөн 10 пайыз өлчөмүндө; Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкү өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 8 пайыз; Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондуна - 2 пайыз; 11) 2020-ЖЫЛДЫН 1-ЯНВАРЫНАН БАШТАП 31-ДЕКАБРЫНА ЧЕЙИН - 27,25 ПАЙЫЗ ӨЛЧӨМҮНДӨ: а) жумуш берүүчүлөр үчүн - ай сайын, орточо эмгек акынын чегерилүүчү 40 пайызы өлчөмүнөн 17,25 пайыз өлчөмүндө. Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкү өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 15 пайыз; Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 2 пайыз; Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз; б) жумушчулар үчүн - ай сайын, орточо эмгек акынын чегерилүүчү 40 пайызы өлчөмүнөн 10 пайыз өлчөмүндө; Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммасын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөнкү өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 8 пайыз; Мамлекеттик топтомо пенсиялык фондуна - 2 пайыз. Текстиль жана тигүү өндүрүшүндө иштеген жеке ишкерлер жана алардын жалданма жумушчулары үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө камсыздандыруу полистерин сатып алуу жолу менен жүргүзүлөт. Текстиль жана тигүү өндүрүшүндө иштеген жеке ишкерлер жана алардын жалданма жумушчулары үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт. |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 13-майындагы № 429-V ""Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 13.05.2011 · № 429-V
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 17-майындагы № 235 "Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын январь-март айларындагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары…Постановление · 17.05.2011 · № 235 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндөЗакон · 24.01.2004 · № 8
- "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралууЗакон · 08.07.2011 · № 86
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон