Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР «»Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу» Мыйзамы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2011-жылдын 8-июлу № 86
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо жана өзгөртүү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2004-ж., № 5, 229-ст.) төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүү киргизилсин: 6-статьяда: 2-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: "Камсыздандыруу полиси жеке жак тарабынан белгилүү мөөнөткө камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөндүгү жөнүндө документ болуп саналат."; 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3. Жалданма кызматкерлердин эмгегин пайдалануучу жеке ишкерлер өз пайдасына камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнү жана төлөөнү ушул статьянын 1 же 2-пункттарына ылайык ишке ашырышат, ал эми жалданган кызматкерлер үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн эсептөөнү, төлөөнү жана фонддор боюнча бөлүштүрүүнү, текстиль жана тигүү өндүрүшүндө алектенген жеке ишкерлерди жана алардын жалданган кызматкерлерин копшогондо, ушул Мыйзамдын 2-статьясына ылайык жүргүзүшөт. Текстиль жана тигүү өндүрүшүндө иштеген жеке ишкерлер жана алардын жалданган кызматкерлери үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери төмөнкүдөй белгиленет:
а) иш берүүчүлөр үчүн - орточо айлык акынын өлчөмүнүн 40 пайызынан эсептелгенде, ай сайын 6 пайыз өлчөмүндө.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөндөгүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 4,75 пайыз; Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна - 1 пайыз; Эмгекчилердин ден соолугун чыңдоо фондуна - 0,25 пайыз;
б) кызматкерлер үчүн - орточо айлык акынын өлчөмүнүн 40 пайызынан эсептелгенде, ай сайын 6 пайыз өлчөмүндө.
Камсыздандыруу төгүмдөрүнүн суммаларын фонддор боюнча бөлүштүрүү төмөндөгүдөй өлчөмдөрдө жүргүзүлөт: Пенсиялык фондго - 4 пайыз; Мамлекеттик пенсиялык топтоо фондуна - 2 пайыз. Текстиль жана тигүү өндүрүшүндө иштеген жеке ишкерлер жана алардын жалданган кызматкерлери тарабынан камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө камсыздандыруу полисин сатып алуу аркылуу жүргүзүлөт.".
2-берене.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
3-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р. Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (6)
- Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндөЗакон · 24.01.2004 · № 8
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 17-июнундагы № 704-V "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына…Постановление · 17.06.2011 · № 704-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 17-июнундагы № 705-V "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына…Постановление · 17.06.2011 · № 705-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 17-июнундагы № 706-V "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына…Постановление · 17.06.2011 · № 706-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 13-майындагы № 429-V ""Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын…Постановление · 13.05.2011 · № 429-V
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 29-мартындагы № 126 "Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо…Постановление · 29.03.2011 · № 126 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндөЗакон · 24.01.2004 · № 8