Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «2010-жылдын 1-июнундагы № 55 «Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду» жабык акционердик коомунун финансы каражаттарын которуу жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 23-марты № 113 2010-жылдын 1-июнундагы № 55 «Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду» жабык акционердик коомунун финансы каражаттарын которуу жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-апрелиндеги № 31 «Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду» жабык акционердик коомун жоюу жөнүндө» Декретине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-июнундагы № 55 «Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду» жабык акционердик коомунун финансы каражаттарын которуу жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: «2. «Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду» жабык акционердик коомун жоюу комиссиясы:
- Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 99-беренесинде каралган кезектүүлүккө ылайык «Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду» жабык акционердик коомунун кредиторлорунун талабын канааттандырсын;
- Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 99-беренесине ылайык кредиторлордун талабын канааттандыргандан кийин, коммерциялык банктардагы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы «Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду» жабык акционердик коомунун бардык эсептериндеги каражаттардын калдыгын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгынын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы «Кыргыз Республикасынын резервдик фондунун эсебине» которсун.»;
- төмөнкүдөй мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын:
«2-1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук Казыналыгынын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы «Кыргыз Республикасынын резервдик фондунун эсебине» которулган каражаттар «Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду» жабык акционердик коомунун 2009-жылдын 27-августундагы № 19-05/22 Карыз милдеттенмесине 2009-жылдын 28-декабрындагы № 19-05/46 Кошумча макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине болгон карызынын бир бөлүгүн тындыруу катары эсептелсин.»;
- 1 жана 3-пункттардагы «Убактылуу Өкмөт» деген сөздөр алып салынсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
А. Атамбаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (3)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-июнундагы № 55 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн фонду» жабык акционердик коомунун финансы каражаттарын которуу жөнүндө" токтомуПостановление · 01.06.2010 · № 55
- Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 1-июлунун №55 "Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду" жабык акционердик коомунун финансы каражаттарын которуу жөнүндө" ТоктомуПостановление · 01.06.2010 · № 55
- "Отчет о результатах аудита составления и исполнения республиканского бюджета Кыргызской Республики за 2011 год" (утвержден постановлением Правительства КР от 15 апреля 2013 года…Постановление · 15.04.2013 · № 197
Шилтеме берет (2)
- КР УО 2010-жылдын 30-апрелинин № 31 "Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду" жабык акционердик коомун жоюу жөнүндө" ДекретиДекрет · 30.04.2010 · № 31
- Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 1-июлунун №55 "Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду" жабык акционердик коомунун финансы каражаттарын которуу жөнүндө" ТоктомуПостановление · 01.06.2010 · № 55