Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын УО «Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду» жабык акционердик коомунун финансы каражаттарын которуу жөнүндө» Токтому
Бишкек шаары
2010-жылдын 1-июну УӨ № 55
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду" жабык акционердик
коомунун финансы каражаттарын которуу жөнүндө
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-мартындагы №113 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын финансылык системасынын туруктуулугун кам-
сыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду" жабык акционердик коо-
мунун жоюу комиссиясы (мындан ары - "Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү
фонду" ЖАКы) "Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду" ЖАКын капиталдаш-
тыруу үчүн мурда бөлүнгөн каражаттарды Кыргыз Республикасынын Финансы
министрлигинин Борбордук казыналыгынын Кыргыз Республикасынын Улуттук
банкындагы "Кыргыз Республикасынын резервдик фондусунун эсеби" аттуу
эсебине которсун.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-мартындагы №113 токтомунун редакциясына ылайык)
2. «Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду» жабык акционердик коо-
мун жоюу комиссиясы:
- Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 99-беренесинде карал-
ган кезектүүлүккө ылайык «Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду» жабык акционердик коомунун кредиторлорунун талабын канааттандырсын;
- Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 99-беренесине ылайык
кредиторлордун талабын канааттандыргандан кийин, коммерциялык банктарда- гы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы «Кыргыз Республикасы- нын Өнүктүрүү фонду» жабык акционердик коомунун бардык эсептериндеги ка- ражаттардын калдыгын Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Бор- бордук казыналыгынын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы «Кыргыз Республикасынын резервдик фондунун эсебине» которсун. (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-мартындагы №113 токтомунун редакциясына ылайык) 2-1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук Казына- лыгынын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкындагы «Кыргыз Республикасы- нын резервдик фондунун эсебине» которулган каражаттар «Кыргыз Республика- сынын Өнүктүрүү фонду» жабык акционердик коомунун 2009-жылдын 27-августун- дагы № 19-05/22 Карыз милдеттенмесине 2009-жылдын 28-декабрындагы № 19-05/46 Кошумча макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине болгон карызынын бир бөлүгүн тындыруу катары эсептелсин.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-мартындагы №113 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республика-
сынын Өнүктүрүү фонду" ЖАКынын жоюу комиссиясы менен бирдикте республи-
калык бюджеттен "Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду" ЖАКына мурда
бөлүнгөн каражаттарды салыштырып текшерүүнү жүргүзсүн жана табылган ка-
ражаттарды өз убагында жана толугу менен Кыргыз Республикасынын Финансы
министрлигинин Борбордук казыналыгынын Кыргыз Республикасынын Улуттук
банкындагы "Кыргыз Республикасынын резервдик фондусунун эсеби" аттуу эсе-
бине которууну камсыз кылсын.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-мартындагы №113 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Финансылык полициясы мамлекеттик кызматы
"Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду" ЖАКынын каражаттарын толук
өлчөмдө табуу боюнча "Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү фонду" ЖАКынын
жоюу комиссиясынын ишине көмөк көрсөтсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Экономикалык тескөө министрлигине жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын
Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (1)
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
- "Отчет о результатах аудита составления и исполнения республиканского бюджета Кыргызской Республики за 2011 год" (утвержден постановлением Правительства КР от 15 апреля 2013 года…Постановление · 15.04.2013 · № 197