Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Автомобилдин алдыңкы каптал айнектеринен көрүүнүн чектелишин - күңүрттөөнүн (жабуунун) болушун талап кылган атайын автотранспорт каражаттарынын тизмесин бекитүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 21-февралы № 59 Автомобилдин алдыңкы каптал айнектеринен көрүүнүн чектелишин - күңүрттөөнүн (жабуунун) болушун талап кылган атайын автотранспорт каражаттарынын тизмесин бекитүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 16-декабрындагы № 669, 2016-жылдын 30-июнундагы № 363 , 2018-жылдын 14-декабрындагы № 581, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 11-мартындагы № 139 токтомдорунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 194-беренесине ылайык, кайтарылуучу адамдардын жеке коопсуздугун, ошондой эле атайын автоколонналарды коштоодо (эскорттоодо) коопсуздукту камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 14-декабрындагы № 581 КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 11-мартындагы № 139 токтомдорунун редакциясына ылайык)
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Автомобилдин алдыңкы каптал айнектеринен көрүүнүн чектелишин - күңүрттөөнүн (жабуунун) болушун талап кылган атайын автотранспорт каражаттарынын тизмеси (мындан ары - Тизме), 1-тиркемеге ылайык;
- Атайын автотранспорт каражаттарынын алдынкы каптал айнектерин күңүрттөөгө (жабууга) уруксат алуунун тартиби, 2-тиркемеге ылайык.
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 15-февралындагы № 72-б буйругу;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин 2006-жылдын 28-мартындагы № 72 «Автомобилдин алдыңкы каптал айнектеринен көрүүнүн чектелишинин болушун талап кылган автотранспорт каражаттарынын ээлеринин тизмесин аныктоо боюнча нускаманы бекитүү жөнүндө» буйругу, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2006-жылдын 28-мартында катталган, каттоо номери 26-06.
3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коопсуздукту, укуктук тартипти жана коргонуу жөндөмдүүлүгүн камсыздоо боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
А. Атамбаев
1-тиркеме Автомобилдин алдыңкы каптал айнектеринен көрүүнүн чектелишин - күңүрттөөнүн (жабуунун) болушун талап кылган атайын автотранспорт каражаттарынын ТИЗМЕСИ (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-июнундагы № 363, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 11-мартындагы № 139 токтомдорунун редакциясына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын кызматтык автотранспорт каражаттары.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызматтык автотранспорт каражаттарын кайтарууну жана коштоону (эскорттоочу) жүзөгө ашыруучу Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин 9-кызматынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун төрагасынын кызматтык автотранспорт каражаттары.
3. "Кыргыз инкассациясы" жабык акционердик коомунун акчалай каражаттарды жана баалуу жүктөрдү ташуу боюнча атайын транспорттору.
4. Соттолгон жана камакка алынган адамдарды ташуу (конвой менен алып жүрүү) үчүн арналган атайын кызматтык транспорттук каражаттар.
2-тиркеме
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-июнундагы № 363 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 10 · байланышкандар: 4
Цитата келтиргендер (10)
- Решение Конституционной палаты Верховного суда КР от 8 апреля 2016 года № 5-р (по делу о проверке конституционности примечания к статье 228 Кодекса Кыргызской Республики об…Решение · 08.04.2015 · № 5-р
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 14-декабрындагы № 581 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-февралындагы № 59 "Автомобилдин алдыңкы каптал айнектеринен…Постановление · 14.12.2018 · № 581
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-июнундагы № 363 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-февралындагы № 59 "Автомобилдин алдыңкы каптал айнектеринен көрүүнүн чектелишин -…Постановление · 30.06.2016 · № 363
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 11-мартындагы № 139"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо чөйрөсүндөгү айрым…Постановление · 11.03.2023 · № 139
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-декабрындагы № 615-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жолдогу жана коомдук коопсуздукту жакшыртуу боюнча иш-чаралар планын бекитүү тууралу) буйругуРаспоряжение · 21.12.2015 · № 615-р · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 15-февралындагы № 72-б буйругуРаспоряжение · 15.02.2006 · № 72 · Күчүн жоготкон
- Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексКодекс · 04.08.1998 · № 114 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016 - жылдын 30-июнундагы № 363 токтомуПостановление · 30.06.2016 · № 363
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 14-декабрындагы № 581-токтомуПостановление · 14.12.2018 · № 581
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-декабрындагы № 846 "Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын…Постановление · 09.12.2015 · № 846 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-июнундагы № 363 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-февралындагы № 59 "Автомобилдин алдыңкы каптал айнектеринен көрүүнүн чектелишин -…Постановление · 30.06.2016 · № 363
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 15-февралындагы № 72-б буйругуРаспоряжение · 15.02.2006 · № 72 · Күчүн жоготкон
- Приказ МВД КР от 28 марта 2006 года № 172 "Об утверждении Инструкции по определению перечня владельцев АМТС, требующих наличие ограничения обзора передних боковых стекол…Приказ · 28.03.2006 · № 172 · Күчүн жоготкон
6 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (4)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексиКодекс · 28.10.2021 · № 128
- Кыргыз Республикасынын Буузуулар жөнүндө КодексиКодекс · 13.04.2017 · № 58 · Күчүн жоготкон
- Изин суутпай издөө иши жөнүндөЗакон · 16.10.1998 · № 131 · Күчүн жоготкон
- Инструкция по определению перечня владельцев транспортных средств, осуществляющих специальные перевозки и требующие наличия ограничения обзора передних боковых стекол автомобиля…Инструкция · 28.03.2006 · № 172 · Күчүн жоготкон