Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн ««Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-02-15.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2011-жылдын 15-февралы № 42 «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен ушул мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 80-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын экономикалык жөнгө салуу министри жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны чыгарууну жана жүгүртүүнү контролдоо боюнча мамлекеттик агенттиктин директору аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлдөрү болуп дайындалышсын.
Премьер-министр
А. Атамбаев
Долбоор Кыргыз Республикасынын Мыйзамы
Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
1-берене
Кыргыз Республикасынын Салык кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2008-ж., №8, 922-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 212-берененин 1-бөлүгүнүн 6-пункту төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«6. өздүк сырьёдогу мөмө-жемиштерди жана жашылчаларды өздүк менчигинде турган өндүрүштүк кубаттуулуктарда өнөр жайлык кайра иштетүүнүн товарларын сатуудан алынган салык төлөөчүнүн пайдаларынын негизги өндүрүштүк каражаттарды сатып алууга, реконструкциялоого, жаңылоого багытталган бөлүгүнөн;».
2. 239-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«2. Түздөн-түз ушул субъект тарабынан жүргүзүлгөн өздүк сырьёдогу мөмө, жемиштерди жана жашылчаларды өнөр жайлык кайра иштетүү товарларын субъект тарабынан беримдер КНСтен бошотулган жеткирүүлөр болуп эсептелет.».
3. 285-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктчасы «алкоголсуз ичимдиктердин» деген сөздөрдөн кийин», алкоголу аз ичимдиктердин» деген сөздөр менен толукталсын.
4. 287-беренеде:
1) 1-бөлүктүн экинчи-онунчу саптары төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«
Денатураланбаган этил спирт, этил спирт жана башка денатураланган, бардык концентрациялардагы спирт тундурмалар, буга өндүрүүгө жана атайын керектөөчүлөргө норманын чегинде берүүгө лицензиясы бар болгон товар өндүрүүчүлөргө импорттоочу товар өндүрүүчүлөр арак, ликер-арак ичимдиктерди, күчтүү ичимдиктерди, күчтүү ширелерди, бальзамды, шарапты өндүрүү үчүн берүүсү кирбейт
2207
литр
350 сом
Арак
220860
литр
200 сом
Ликер-арак ичимдиктери
220830; 220870; 220890
литр
200 сом
Күчтүү ичимдиктер, күчтүү ширелер жана бальзамдар
220840; 220850
литр
200 сом
Шараптар
220410 жана 220430, 2205, 2206 кошпо-гондо, 2204
литр
100сом
Коньяктар (коньяк спиртин кошпогондо)
2208201200-2208202900, 2208206200-2208208900
литр
135 сом
Газдалган шараптар, шампанды кошкондо
220410,
литр
110 сом
Бөлүштүрүп куюлган же эндей пиволор
2203
литр
25 сом
Шарап материалдар
220430
литр
10 сом
»;
2) 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи сап менен толукталсын:
«
Алкоголу аз ичимдиктер
220890
литр
60 сом
»;
3) төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:
«4. Этил спиртин медициналык жана ветеринардык максаттарда, нормалардын чегинде пайдалануучу адамдар этил спиртин атайын пайдалануучулар болуп эсептелет, алардын тизмесин этил спиртин, алкоголдуу жана спирттүү продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жыл сайын бекитет.».
5. 290-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пункту «акциздик товарлар боюнча» деген сөздөн кийин», аракты кошпогондо (коду ТЭИ ТН 220860)»деген сөздөр менен толукталсын.
6. 295-берененин 2-бөлүгү «Акциздик жыйымдын маркасы» деген сөздөр «Эгерде бул бөлүмдө башкалар каралбаса, акциздик жыйымдын маркасы» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2-берене
Кыргыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1999-ж., №2, 77-б.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. 301-берене. төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«301-берене. Тамеки буюмдарын акциздик маркаларсыз чыгаруу, импорттоо жана сатуу Тамеки буюмдарын акциздик маркаларсыз чыгаруу, импорттоо жана сатуу - жарандарга - жыйырма, кызмат адамдарына - жүз эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө тамеки буюмдарын конфискациялоо менен администрациялык айып салууга алып келет.».
2. Төмөнкүдөй мазмундагы 301-1 берене менен толукталсын:
«301-1-берене. Алкоголдук ичимдиктерди акциздик маркаларсыз чыгаруу, импорттоо жана сатуу Алкоголдук ичимдиктерди акциздик маркаларсыз чыгаруу, импорттоо жана сатуу - жарандарга - жыйырма, кызмат адамдарына - жүз эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө алкоголдук ичимдиктерди конфискациялоо менен администрациялык айып салууга жана лицензиядан үч жылдык мөөнөткө ажыратууга алып келет.».
3. Төмөнкүдөй мазмундагы 301-2 берене менен толукталсын:
«301-2-берене. Ата мекендик өндүрүштөгү аракты Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген минималдуу дүң жана чекене баадан төмөн баа боюнча сатуу Ата мекендик өндүрүштөгү аракты Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген минималдуу дүң жана чекене баадан төмөн баа боюнча сатуу - жыйырма эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө алкоголдук ичимдиктерди конфискациялоо менен администрациялык айып салууга жана лицензиядан үч жылдык мөөнөткө ажыратууга алып келет.».
4. 508-берененин 1-бөлүгүндөгү «301-»деген цифралар «301, 301-1, 301-2-»деген цифралар менен алмаштырылсын.
5. 534-2-беренеде:
- «301» деген цифралар «301-1, 301-2» деген цифралар менен алмаштырылсын;
- төртүнчү абзац күчүн жоготту деп табылсын;
- бешинчи абзацтагы «директорлору» деген сөз «жетекчилери» деген сөз менен алмаштырылсын.
- эскертүүдөгү «301-»деген цифра «301-1, 301-2-»деген цифралар менен алмаштырылсын, «администрациялык жаза-чаралардын негизги түрүн гана (айып) салат, администрациялык» деген сөздөр «айып жана/же лицензиядан ажыратуу түрүндө администрациялык жаза-чара көрөт. Администрациялык» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
6. 556-1-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пунктчасынын жыйырма биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«спиртти жана алкоголдуу продукцияны өндүрүүгө, сактоого жана сатууга контролдоо жүргүзүүчү органдары (285, 286, 286-1, 291, 295, 298, 300, 301-1, 301-2-беренелер, 302-берененин биринчи жана үчүнчү бөлүктөрү, 307, 310, 341, 354, 408-1, 410, 410-1-беренелер);».
3-берене
«Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына («Эркин Тоо» гезити, 2009-жылдын 16-октябры, №88) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Мыйзамдын 5, 6, 7, 10, 12, 13, 14, 15, 16, 18-беренелерин кошпогондо, текст боюнча тиешелүү жөндөмөдөгү «этил спирти жана алкоголдук продукция» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдөгү «этил спирти, алкоголдуу жана спирттүү продукциялар» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 1-берененин 2-бөлүгүндө:
- төртүнчү абзац «натуралдуу ичимдиктерди» деген сөздөрдөн кийин», буга пиво кирбейт,»деген сөздөр менен толукталсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы бешинчи абзац менен толукталсын:
«- эфир-альдегид фракциясын кошпогондо, спирттүү продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишке.».
3. 6-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы он экинчи абзац менен толукталсын:
«Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана сатылган арак Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген минималдуу дүң-сатуу жана чекене баа жөнүндө маалыматтарды камтыган маалымат менен коштолот.».
4. 7-берененин 3-бөлүгүнүн алтынчы абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
«- жылына 200,0 миң далдан кем эмес арак өндүрүүнүн болжолдонгон жылдык көлөмүн, ошондой эле өндүрүштүн бул көлөмүнө акциздик салыктын контролдук суммасын төлөөнү камсыз кылууну.».
5. 13-беренеде:
- 1-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн аракка минималдуу дүң-сатуу жана чекене бааны Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт.»;
- 2-бөлүктүн экинчи абзацындагы «100» деген цифралар «50» деген цифралар менен алмаштырылсын.
4-берене
«Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2007-ж., №5, 463-б.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: 11-берене төмөнкүдөй мазмундагы 7-бөлүк менен толукталсын: «7. Экономикалык абалды жакшыртуу максатында, өзгөчө учурларда Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүгө убактылуу тыюу салууну (мораторийди) киргизүүгө укуктуу.».
5-берене
«Бейсалык төлөмдөр жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 1994-ж., №5, 157-б.) төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин: «Жыйымдар» II бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 12-3-берене менен толукталсын: «12-3-берене. Этил спиртин жана алкоголдуу продукцияларды өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти жүргүзүү үчүн жыйымдар (акчалай салымдар) Этил спиртин жана алкоголдуу продукцияларды өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти жүргүзүү үчүн жыйымдарды (акчалай салымдарды) этил спиртин жана алкоголдуу продукцияларды өндүрүү жана жүгүртүү боюнча иш жүргүзгөн субъекттер этил спиртин жана алкоголдуу продукцияларды өндүрүүгө жана жүгүртүүгө тиешелүү лицензияларды алгандан кийин төлөшөт. Жыйымдын (акчалай төлөмдүн) өлчөмүн, аны жыйноонун тартибин жана төлөөнүн мөөнөтүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт. Этил спиртин жана алкоголдуу продукцияларды өндүрүү жана жүгүртүү боюнча ишти жүргүзүү үчүн жыйымдар (акчалай салымдар) Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетине эсептелет.».
6-берене
1. «Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын колдонуу кайрадан улантылсын.
2. Этил спиртин өндүрүү, импорттоо, өндүрүлгөн жана республикага импорттолгон этил спиртин сатуу үчүн «Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасына берилген эксклюзивдүү укук алып салынсын.
3. Этил спиртин өндүрүү жана жүгүртүү үчүн арыздарды кароо жана лицензияларды берүү кайрадан улантылсын.
4. Этил спиртин жеткирүү жана сатуу үчүн колдонулуп жаткан контракттарды этил спиртин пайдаланган чарбакер субъекттер «Кара-Балта спирт заводу» мамлекеттик ишканасы менен макулдашууну токтотушсун.
7-берене
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн нормативдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн баштап бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет. Бул Мыйзамдын 1-беренсинин 5 жана 6-бөлүктөрү 2011-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- КР Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 4-мартындагы №227-V "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Салык…Постановление · 04.03.2011 · № 227
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 22-апрели № 371-V ""Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Салык…Постановление · 22.04.2011 · № 371-V
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 22-апрели № 372-V ""Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Салык…Постановление · 22.04.2011 · № 372-V
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
Шилтеме берет (6)
- Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөЗакон · 25.05.2007 · № 72
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Этил спиртин жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү жана жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндөЗакон · 13.10.2009 · № 269 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- Бейсалык төлөмдөрЗакон · 14.04.1994 · № 1480-XII · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексКодекс · 04.08.1998 · № 114 · Күчүн жоготкон