Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР УӨ «2000-жылдын 8-майындагы № 256 «Милициянын генерал-майору Эргеш Алиевич Алиев атындагы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 9-июлу №119 2000-жылдын 8-майындагы № 256 «Милициянын генерал-майору Эргеш Алиевич Алиев атындагы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин билим берүү мекемелеринин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында жана Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги № 1 Декретин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2000-жылдын 8-майындагы №256 «Милициянын генерал-майору Эргеш Алиевич Алиев атындагы Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясы жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясы жөнүндө жобого төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 1.2-пункттун алтынчы абзацы алынып салынсын;
- 3.1-пунктта:
экинчи абзац «бюджеттик» деген сөздөн кийин «жана контракттык» деген сөздөр менен толукталсын; сегизинчи абзац алынып салынсын;
- 4.2-пункт төмөнкү мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
«- башкаруу;
- ресурстук борборлор;».
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги өз чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Ушул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы
Р.Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (4)
- Постановление Правительства КР от 8 мая 2000 года №256 "Об утверждении Положения об Академии Министерства внутренних дел Кыргызской Республики имени генерал-майора милиции Алиева…Постановление · 08.05.2000 · № 256
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Милициянын генерал-майору Алиев Эргеш Алиевич атындагы академиясы жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын…Положение · 08.05.2000 · № 256
- КР УО 2010-жылдын 7-апрелинин № 1 ДекретиДекрет · 07.04.2010 · № 1
- Кыргыз Республикасынын Убактылуу окмотунун 2010-жылдын 7-апрелинин №1 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Д.Т.Усеновдун отставкасы женунде" ТескемесиРаспоряжение · 07.04.2010 · № 1