Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР УӨ «Ош жана Жалал-Абад шаарларында калыбына келтирүү жумуштарын каржылоого булактарды табуу боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 1-июлу УӨ N 112 Ош жана Жалал-Абад шаарларында калыбына келтирүү жумуштарын каржылоого булактарды табуу боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча кечиктирилгис чара көрүү зарылдыгын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджетине толуктоолорду иштеп чыксын, анда Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча каражат каралууга тийиш;
- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Резервдик фондусунан 100 млн. АКШ долларын Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү үчүн жумшасын.
2. Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүүнүн приоритеттүү багыттары болуп - инженердик инфраструктура объекттерин, турак үйлөрдү, мектептерди, мамлекеттик жана муниципалдык мекемелерди реконструкциялоо жана куруу белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте бузулган мектептерди "Билим берүү секторун өнүктүрүү 2" долбоору боюнча үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен калыбына келтирүү боюнча маселени чечсин.
4. Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен бирдикте электр өткөрүү линияларын "Энергетика секторуна өзгөчө жардам" долбоору боюнча үнөмдөлгөн каражаттын эсебинен калыбына келтирүү боюнча маселени чечсин.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекция менен бирдикте төмөнкүдөй сүйлөшүүлөрдү жүргүзсүн:
- Дүйнөлүк банк жана Азия өнүктүрүү банкы менен иштеп жаткан, үнөмдөлгөн каражат бар долбоорлорду өлкөнүн түштүгүнүн инфраструктурасын калыбына келтирүүгө реструктуралоо мүмкүндүгү жөнүндө; өлкөнүн түштүгүн реконструкциялоо жана реабилитациялоо боюнча жаңы долбоор үчүн кошумча каражат бөлүү жөнүндө;
- Дүйнөлүк банк менен иштеп жаткан "Бишкек жана Ош шаарларынын шаардык инфраструктурасы" жана "Чакан шаарлардын инфраструктурасы жана потенциалын өнүктүрүү" долбоорлоруна Ош жана Жалал-Абад шаарларында жана аларга жакын жабыркаган айылдарда калыбына келтирүү жумуштарына басым жасоо менен кошумча каражат бөлүү жөнүндө;
- Азия өнүктүрүү банкы менен:
"Кесиптик билим берүү жана көндүмдөрдү өнүктүрүү" долбоорун жабуу жана бошогон каражатты Ош жана Жалал-Абад шаарларынын инфраструктурасын калыбына келтирүү үчүн жумшоо жөнүндө; "Ош жана Бишкек шаарларын өнүктүрүү" долбоорун даярдоого техникалык жардамды ишке ашырууну тез арада баштоо жөнүндө.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасынын орун басарына - Кыргыз Республикасынын финансы министрине тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы
Р.Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (6)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 8-декабрындагы № 196-р (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чыгымдоочу милдеттенмелерин өз учурунда аткарууну камсыздоо максатында акча каражаты…Распоряжение · 08.12.2010 · № 196-р
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 11-октябрындагы № 130-р (Акча каражаттарды бөлүп берүү тууралуу) буйругуРаспоряжение · 11.10.2010 · № 130-р
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-декабрындагы № 207-р (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 11-октябрындагы № 130-т өзгөртүү киргизүү тууралуу) буйругуРаспоряжение · 15.12.2010 · № 207-р
- Постановление Правительства КР от 6 мая 2013 года № 241 "Об итогах аудита Счетной палатой Кыргызской Республики отчета об исполнении республиканского бюджета Кыргызской…Постановление · 06.05.2013 · № 241 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 19-январындагы №12 "Фермерлерге арзан кредит" долбоорун бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 19.01.2011 · № 12 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 141 "Адам укуктары чөйрөсүндө БУУнун эл аралык келишимдерин аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук баяндамалары жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 141 · Күчүн жоготкон