Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн (Акча каражаттарды бөлүп берүү тууралуу) буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТЕСКЕМЕ 2010-жылдын 11-октябры № 130-р
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-декабрындагы № 207-р, 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 105-б буйруктарынын редакцияларына ылайык) Чек ара жанындагы аймактарды чыңдоо, мамлекеттин аймактык кызыкчылыктарын коргоо, калктын ички, тышкы миграциясынын деңгээлин азайтуу жана Тажикстан Республикасынын жарандарынын үйлөрдү жана Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районундагы Ак-Сай айылдык округунун Таш-Тумшук айылынын тургундарына жеке турак жай курулушу үчүн бөлүнгөн жер участокторду сатып алууларын токтотуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен районундагы Ак-Сай айылдык округунун Таш-Тумшук айылынын тургундарына социалдык-тиричилик шарттарды түзүү максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Баткен облусунун Баткен районундагы Ак-Сай айылдык округунун Таш-Тумшук айылынын тургундарынын сатылуучу үйлөрүн сатып алууга Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 1-июлундагы № 112 «Ош жана Жалал-Абад шаарларында калыбына келтирүү жумуштарын каржылоого булактарды табуу боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө» токтомуна ылайык Ош жана Жалал-Абад облусунун шаарларын калыбына келтирүү үчүн каралган Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик дирекциянын өздөштүрүлбөгөн каражаттарынын эсебинен Баткен облусунун мамлекеттик администрациясына 10000000 (он миллион) сом бөлүп берсин.
- «Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу сунушту белгиленген тартипте киргизсин.
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-декабрындагы № 207-р буйругунун редакциясына ылайык)
2. Баткен облусунун мамлекеттик администрациясы:
- сатып алынган үйлөрдө милициянын поселоктук бөлүмүн, фельдшердик-акушердик пунктту уюштурсун, чек ара комендатурасын жайгаштырсын;
- чек ара аймагында коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар үчүн сатып алынуучу үйлөрдү баалоо боюнча облустук мамлекеттик администрациянын алдындагы комиссияны Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрүн, ошондой эле көз карандысыз баалоочу компанияларды тартуу менен түзсүн;
- комиссия бекиткен баалоонун негизинде үйлөрдү сатып алууну жүргүзсүн;
- Баткен облусунда ички миграцияны токтотуу боюнча иш-чаралардын комплексин иштеп чыксын.
(КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 105-б буйругунун редакциясына ылайык)
3. Бул тескеменин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын чек араны делимитациялоо маселеси боюнча бөлүмүнө тапшырылсын.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р.Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 15-декабрындагы № 207-р (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 11-октябрындагы № 130-т өзгөртүү киргизүү тууралуу) буйругуРаспоряжение · 15.12.2010 · № 207-р
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 7-апрелиндеги № 105-б (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 11-октябрындагы № 130-б буйругуна толуктоолорду киргизүү) буйругуРаспоряжение · 07.04.2011 · № 105-р
Шилтеме берет (3)
- КР УӨ 2010-жылдын 1-июлундагы №112 "Ош жана Жалал-Абад шаарларында калыбына келтирүү жумуштарын каржылоого булактарды табуу боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө" токтомуПостановление · 01.07.2010 · № 112
3 ичинен 1 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.