11-статья. Коркунучтуу калдыктарды ташууга коюлган талаптар
Күчүн жоготкон · 15.08.2023 редакциясы · III Бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 15 августа 2023 года № 181.
1. Коркунучтуу калдыктарды атайын жабдылган транспорт каражаттары менен гана ташууга жол берилет.
2. Калдыктарды транспорттун белгилүү түрү (автомобиль, темир жол, суу жана башка транспорт) менен ташуунун тартиби, жүктөө-түшүрүү иштерин аткарууга талаптар жана экологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча башка зарыл талаптар тиешелүү ченемдик документтер менен аныкталат.
3. Калдыктарды транспорт каражатына жүктөөнү жана калдыктарды ташууну жүзөгө ашыруучу уюм же жеке жак, аларды кабыл алган учурдан тартып жана аларды белгиленген жерде транспорт каражатынан түшүргөнгө чейин аны менен коопсуз иштөө үчүн юридикалык жоопкерчиликти бул транспорт каражаты таандык болгон транспорт уюму тартат.
Берененин тексти 15.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
11-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/924/st-11" title="11-статья - Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>