10-статья. Коркунучтуу калдыктар менен иштөө учурундагы талаптар
Күчүн жоготкон · 15.08.2023 редакциясы · III Бөлүм
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 15 августа 2023 года № 181.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 8 июля 2019 года № 83
1. Иши коркунучтуу калдыктардын топтолушу менен байланышкан юридикалык жана жеке жактар алар менен иштөө учурунда алардын зыяндуу таасиринен айлана-чөйрөнү жана калкты ишенимдүү коргоону камсыз кылууга милдеттүү.
2. Бардык коркунучтуу калдыктар адамга жана айлана-чөйрөгө тийгизген зыяндуу таасиринин даражасы боюнча класстарга бөлүнөт.
3. Калдыктын коркунучтуулугунун классы аларды өндүрүүчүлөр тарабынан айлана-чөйрөнү коргоо, санитардык-эпидемиологиялык, тоо жана техникалык көзөмөл боюнча мамлекеттик органдар өз компетенциясынын чектеринде бекиткен ченемдик документтерге ылайык аныкталат.
4. Коркунучтуу калдыктарды лицензиянын негизинде бул максаттар үчүн атайын жабдылган курулуштарда гана жайгаштырууга уруксат берилет.
5. Коркунучтуу калдыктар менен иштеген юридикалык жана жеке жактар расмий статистика жаатындагы мамлекеттик орган жана компетенттүү орган белгилеген тартипте коркунучтуу калдыктардын эсебин жүргүзүүгө милдеттүү.
(КР 2019-жылдын 8-июлундагы № 83 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 15.08.2023 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
10-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/924/st-10" title="10-статья - Өндүрүш жана керектөө калдыктары жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>