Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР УӨ «Куралдарды, ок-дарыларды, жарылгыч заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз жүгүртүүнү болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ
2010-жылдын 7-майы УӨ №32 Куралдарды, ок-дарыларды, жарылгыч заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз жүгүртүүнү болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-апрелиндеги № 1 Декретине ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында куралдарды, ок-дарыларды, жарылгыч заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз жүгүртүүнү болтурбоо боюнча иштерди өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Жарандардан мыйзамсыз сакталып турган куралдарды, ок-дарыларды, жарылгыч заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү акысыз негизде кабыл алуу боюнча иштерди уюштуруу жөнүндө жобо;
- Куралдарды, ок-дарыларды, жарылгыч заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү ыктыярдуу тапшыргандыгы үчүн жарандарга төлөнүүчү сый акылардын ставкасы.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги:
- калктан ыктыярдуу өткөрүп берилген куралдарды, ок-дарыларды, жарылгыч заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү ушул токтомдун 1-пункту менен бекитилген Жобого ылайык сый акыга кабыл алууну уюштурсун;
- калк арасында куралдарды, ок-дарыларды, жарылгыч заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү ыктыярдуу тапшыруунун зарылдыгы жөнүндө, аймактык ички иштер органдарынын аларды кабыл алуусунун тартиби жөнүндө, анын ичинде жарылбай калган ок-дарылар, жарылгыч заттар жана жардыргыч түзүлүштөр табылганда жарандардын иш-аракеттери жөнүндө кеңири түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн;
- ай сайын, отчеттук мезгилден кийинки айдын 15инен кечиктирбей Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратына ушул токтомдун аткарылышы жөнүндө маалымат берип турсун.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине жарандардан мыйзамсыз сакталып турган куралдарды, ок-дарыларды, жарылгыч заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү акылуу негизде кабыл алуу боюнча иштерди уюштуруу үчүн 300 (үч жүз) миң сом бөлүп берсин;
- ушул пункттун 2-абзацында көрсөтүлгөн акча каражаттары жетишсиз болгондо ай сайын Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги берген чыгымдардын сметасына ылайык аталган максаттарды кошумча каржыласын.
4. Жарандарда мыйзамсыз сакталып турган куралдар, ок-дарылар, жарылгыч заттар жана жардыргыч түзүлүштөр аныкталган учурда жана укук коргоо органдары тарабынан мажбурлап алынганда жарандар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылаары белгиленсин.
5. Бул токтом 2010-жылдын 8-апрелинен тартып күчүнө кирет жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы курамы түзүлгөнгө жана ал тиешелүү чечим кабыл алганга чейин колдонулат.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, коопсуздук, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы
Р.Отунбаева
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-майындагы № 32 токтому менен бекитилген
Куралдарды, ок-дарыларды, жарылгыч заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү ыктыярдуу тапшыргандыгы үчүн жарандарга төлөнүүчү сый акылардын СТАВКАСЫ
| № | Курал-жарактардын жана ок-дарылардын аталышы | Баасы (сом) |
|---|---|---|
| 1 | Автоматтык гранатометтор, анын ичинде чет өлкөлүк өндүрүштөгү гранатометтор түнкү кароолу бар жана кол менен жасалгандар (снаряды жок) | 8000 |
| 2 | Пулеметтор, анын ичинде чет өлкөлүк өндүрүш жана түнкү кароолу бар пулеметтор | 8000 |
| 3 | АК, АКМ, АКМС, АК-74, АКС-74, АКС-74у ж.б. тибиндеги автоматтар, анын ичинде чет өлкөлүк өндүрүштөгү түнкү кароолу бар автоматтар | 4800 |
| 4 | СВД, СВДС, СВДН согуштук снайпер винтовкалары, анын ичинде снайпердик атуу үчүн ыңгайлаштырылган узун стволдуу сайлуу түрдөгүлөр | 4800 |
| 5 | Аңчылык карабини, анын ичинде аңчылык сайлуу кездиктер жана согуштук куралдар | 3200 |
| 6 | Аңчылык сайлуу эмес мылтыктар, анын ичинде кездиктер, алмаштырылуучу, салынма стволдор | 1600 |
| 7 | Колго жасалган атуучу түзүлүш (ок атуучу үчүн арналган буюмдар) | 800 |
| 8 | Аскердик жарылгыч заттар (тротил, гексоген жана башка жарылуучу заттар, анын ичинде алардан жасалгандар) | 100 гр үчүн 800 сом |
| 9 | Өндүрүштүк багыттагы жарылуучу зат (аммонит, угленит ж.б.) | 100 гр үчүн 420 |
| 10 | Кол гранатасы (окуу гранаталарынан башкалар) | 1600 |
| 11 | Сапердук миналар жана атайын багыттагы инженердик ок-дарылар (окууда колдонулгандан башкалар) | 1600 |
| 12 | Сайлуу курал-жарактардын ок-дарылары: 5,45; 7,62 жана андан чоң калибрдеги согуштук патрондор; 7,62 калибрдеги аңчылык патрондору | 1 даана үчүн 5 сом |
| 13 | Сайлуу эмес курал-жарактардын ок-дарылары | 1 даана үчүн 3 сом |
| 14 | Өзүн-өзү коргоо куралы, жаракат келтирүүчү октору бар курал, газ куралы | 1600 |
| 15 | Пистолет же ок атуучу револьвер | 3200 |
| 16 | Дары | 100 гр үчүн 50 сом |
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 50 "Таап алынган же мыйзамсыз сакталган куралды жана ок-дарыларды, ага тете жарылма заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү ыктыярдуу түрдө…Постановление · 03.02.2020 · № 50
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-августундагы № 34-р (Жарандардан мыйзамсыз сакталган куралды, ок-дарыларды, жарылгыч заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү акысын төлөп кабыл алу…Распоряжение · 12.08.2010 · № 34-р
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 7-майындагы №32 "Жарандардан мыйзамсыз сакталып турган куралдарды, ок-дарыларды, жарылгыч заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү акысыз негизде кабыл алуу…Постановление · 07.05.2010 · № 32
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-февралындагы № 49 токтомуПостановление · 03.02.2020 · № 49
Шилтеме берет (2)
- КР УО 2010-жылдын 7-апрелинин № 1 ДекретиДекрет · 07.04.2010 · № 1
- Кыргыз Республикасынын Убактылуу окмотунун 2010-жылдын 7-апрелинин №1 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Д.Т.Усеновдун отставкасы женунде" ТескемесиРаспоряжение · 07.04.2010 · № 1