Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу боюнча Ведомстволор аралык комиссиясы жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 22 ноября 2024 года № 711 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-11-22.
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 711 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 30-декабры № 344 Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу боюнча республикалык деңгээлдеги комиссиясы жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-августундагы № 450, 2012-жылдын 5-июлундагы № 476, 2013-жылдын 1-июлундагы № 395, 2018-жылдын 16-майындагы № 238, 2020-жылдын 12-июнундагы № 331 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасынын иштешин камсыз кылуу, калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо маселелери боюнча чечимдерди кабыл алуунун оперативдүүлүк даражасын жогорулатуу максатында, ошондой эле "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу боюнча республикалык деңгээлдеги комиссиясы түзүлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-июнундагы № 331 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Тиркелген: Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу боюнча республикалык деңгээлдеги комиссиясынын курамы жана ал жөнүндө жобо бекитилсин.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-июнундагы № 331 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары Жарандык коргонуу боюнча облустук, райондук жана шаардык комиссияларды түзүшсүн.
4. Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун, уюмдарынын жана ишканаларынын жетекчилери Жарандык коргонуу боюнча тиешелүү тармактык жана объектилик комиссияларды түзүшсүн.
5. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-мартындагы № 156 "Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана күчүн жоготту деп табуу жөнүндө" токтомунун 67-пункту.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министри
А.Атамбаев
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30 декабрындагы № 344 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу боюнча республикалык деңгээлдеги комиссиясынын курамы (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-июнундагы № 331 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун начальниги; Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри, Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун начальнигинин орун басары; Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри; Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри; Кыргыз Республикасынын Финансы министри; Кыргыз Республикасынын Экономика министри; Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри; Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри; Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри; Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри; Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри; Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы; Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы; Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун директору; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү; Ош жана Бишкек шаарларынын мэрлери (макулдашуу боюнча).
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-декабрындагы № 344 токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу боюнча республикалык деңгээлдеги комиссиясы жөнүндө жобо (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-майындагы № 238, 2020-жылдын 12-июнундагы № 331 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1. Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу боюнча республикалык деңгээлдеги комиссиясы (мындан ары - Комиссия) Жарандык коргонуунун Мамлекеттик системасынын республикалык деңгээлдеги жөнгө салуучу башкаруу органы болуп саналат.
(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-июнундагы № 331 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Комиссиянын негизги милдеттери:
- Жарандык коргонуу тармагында бирдиктүү мамлекеттик саясатты иштеп чыгууга жана ишке ашырууга жетекчилик кылуу;
- Жарандык коргонуу тармагында жалпы мамлекеттик иш-чараларды уюштуруу жана жүргүзүү;
- Кыргыз Республикасынын аймагында Жарандык коргонууну уюштуруу жана жүргүзүү боюнча министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, административдик ведомстволордун, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жана көмөктөшүүчү субъектилердин ишмердүүлүктөрүн координациялоо.
(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-майындагы № 238 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Комиссиянын функциялары:
- Жарандык коргонуунун Мамлекеттик системасын өнүктүрүүнүн стратегиясын, өзгөчө кырдаалдардан Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын коргоону камсыз кылуу боюнча укуктук нормаларды иштеп чыгууга жана ишке ашырууга жетекчилик кылуу;
- тынчтык жана согуш убагында Жарандык коргонуу боюнча иш-чараларды координациялоо;
- Жарандык коргонуу жаатындагы мамлекеттик максаттуу илимий-техникалык изилдөөлөрдү жана атайын программаларды уюштуруу;
- өзгөчө кырдаалдардын кесепетин божомолдоо жана социалдык-экономикалык баа берүү;
- мамлекеттик каражаттардын эсебинен Жарандык коргонуу боюнча кечиктирилгис иш-чараларды каржылоо маселесин чечүү;
- Жарандык коргонуунун башкаруу органдарынын, мамлекеттик органдарынын күчтөрүнүн жана каражаттарынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын даярдыгын камсыз кылуу;
- Жарандык коргонуу жагында эл аралык кызматташуунун негизги багыттарын аныктоо;
- өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюу үчүн финансылык жана материалдык резервдерди түзүү.
4. Комиссия белгиленген тартипте төмөнкү ыйгарым укуктарга ээ:
- Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, административдик ведомстволорунун, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчигинин түрүнө карабастан бардык уюмдарынын, ошондой эле коомдук бирикмелеринин жетекчилерин жана Жарандык коргонуу боюнча комиссиялардын төрагаларын Комиссиянын компетенциясына кирген маселелер боюнча угууга;
- Кыргыз Республикасынын министрликтеринен, мамлекеттик комитеттеринен, административдик ведомстволорунан, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, менчигинин түрүнө карабастан бардык уюмдарынан, ошондой эле коомдук бирикмелеринен комиссиянын иши үчүн зарыл болгон маалыматты сурап алууга;
- ири масштабдагы өзгөчө кырдаалдардын кесепетин жоюунун жетекчисин дайындоо жана алардын келип чыккан учурунда мамлекеттик жардам көрсөтүү жөнүндө чечим кабыл алууга;
- Жарандык коргонуу муктаждыгы үчүн мамлекеттик финансылык жана материалдык резервдерди түзүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө жана аларды пайдалануу тартибин аныктоого;
- комиссиянын алдында зарыл болгон учурда Жарандык коргонуу жагында атайын милдеттерди чечүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу үчүн кеңештерди, жумушчу топторду түзүүгө;
- Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, административдик ведомстволорунун, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчигинин түрүнө карабастан бардык уюмдарынын, ошондой эле коомдук бирикмелеринин адистерин Жарандык коргонуу маселелери боюнча аналитикалык, эксперттик жана башка жумуштарды аткаруу үчүн тартууга;
- комиссиянын кабыл алынган чечимдерин контролдоого жана аларды аткарбоо үчүн кызмат адамдарынын жоопкерчилик чаралары жана даражасы жөнүндө сунуштарды киргизүүгө.
5. Комиссиянын ишин уюштуруу-техникалык жактан камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жүктөлөт.
6. Комиссиянын жыйыны кварталына бир жолудан кем эмес зарылдыгына жараша өткөрүлөт. Комиссиянын чечимдери протокол түрүндө таризделет.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимин талап кылуучу маселелер боюнча комиссия тиешелүү сунуштарды белгиленген тартипте киргизет.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 9 · цитата келтиргендер: 11 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (11)
- Бишкек шаардык кенештин 2011-жылдын 30-июнундагы №249 "Бишкек шаарынын Жарандык коргонуу боюнча комиссиясын түзүү жана Бишкек шаарынын Жарандык коргонуу кызматтарынын тизмегин…Постановление · 30.06.2011 · № 249
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана күчүн…Постановление · 27.08.2007 · № 377
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 13.12.2023 · № 675
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 711 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 22.11.2024 · № 711
- Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдардын жиктелиши жана аларды баалоонун КРИТЕРИЙЛЕРИ(КРӨкмөтүнүн 2011-жылдын 17- ноябрындагы № 733 токтому менен бекитилген)Классификация · 17.11.2011 · № 733 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-мартындагы № 156 "Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө" токтомуПостановление · 13.03.2006 · № 156 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-майындагы № 238 токтомуПостановление · 16.05.2018 · № 238
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 5-июлундагы № 476 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-декабрындагы № 344 "Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу…Постановление · 05.07.2012 · № 476 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 12-июнундагы № 331 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-декабрындагы № 344 "Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу боюнча Ведомстволор…Постановление · 12.06.2020 · № 331 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-августундагы № 450 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-декабрындагы № 344 "Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу…Постановление · 04.08.2011 · № 450 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 16-майындагы № 238 "Жарандык коргонуу тармагындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө"…Постановление · 16.05.2018 · № 238 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (9)
- Жарандык коргонуу жөнүндөЗакон · 24.05.2018 · № 54
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана күчүн…Постановление · 27.08.2007 · № 377
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 711 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 22.11.2024 · № 711
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 13-мартындагы № 156 "Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана жоюу боюнча ведомстволор аралык комиссия жөнүндө" токтомуПостановление · 13.03.2006 · № 156 · Күчүн жоготкон
9 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Жарандык коргонуу жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 239 · Күчүн жоготкон