Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-декабрындагы № 344 „Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу боюнча Ведомстволор аралык комиссиясы жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 22 ноября 2024 года № 711 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-11-22.
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 711 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ 2020-жылдын 12-июну № 331 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-декабрындагы № 344 "Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу боюнча Ведомстволор аралык комиссиясы жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасынын иштешин камсыз кылуу максатында, "Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13 жана 14-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-декабрындагы № 344 "Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу боюнча Ведомстволор аралык комиссиясы жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышында жана 1, 2-пункттарында:
- ар түрдүү жөндөмөдөгү "Ведомстволор аралык" деген сөздөр алып салынсын;
- "Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу боюнча" деген сөздөрдөн кийин "республикалык деңгээлдеги" деген сөздөр менен толукталсын;
2) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу боюнча Ведомстволор аралык комиссиясы жөнүндө жободо:
- аталышында жана 1-пунктунда:
- "Ведомстволор аралык" деген сөздөр алып салынсын;
- "Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу боюнча" деген сөздөрдөн кийин "республикалык деңгээлдеги" деген сөздөр менен толукталсын;
3) жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 17-июлундагы № 56 (3128) жарыяланды
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр
К.А. Боронов
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу боюнча республикалык деңгээлдеги комиссиясынын курамы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри, Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун начальниги; Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри, Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуусунун начальнигинин орун басары; Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри; Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри; Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри; Кыргыз Республикасынын Финансы министри; Кыргыз Республикасынын Экономика министри; Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри; Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри; Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри; Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри; Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри; Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы; Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы; Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директору; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин директору; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун директору; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү; Ош жана Бишкек шаарларынын мэрлери (макулдашуу боюнча).
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 711 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 22.11.2024 · № 711
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-декабрындагы № 344 "Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу боюнча Ведомстволор аралык комиссиясы жөнүндө" токтомуПостановление · 30.12.2010 · № 344 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Жарандык коргонуу жөнүндөЗакон · 24.05.2018 · № 54
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 711 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 22.11.2024 · № 711
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-декабрындагы № 344 "Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу боюнча Ведомстволор аралык комиссиясы жөнүндө" токтомуПостановление · 30.12.2010 · № 344 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон