Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунан жер участкасын ижарага берүү жөнүндө келишимди ишке ашыруу маселелери тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ
2010-жылдын 17-декабры №329 Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунан жер участкасын ижарага берүү жөнүндө келишимди ишке ашыруу маселелери тууралуу 2009-жылдын 1-декабрында Астана шаарында кол коюлган жана Кыргыз Республикасынын 2010-жылдын 16-февралындагы №29 Мыйзамы менен ратификацияланган, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунан жер участкасын ижарага берүү жөнүндө келишимге ылайык:
1. 2009-жылдын 1-декабрында Астана шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунан жер участкасын ижарага берүү жөнүндө келишимди аткаруу боюнча ыйгарым укуктуу орган болуп Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясы аныкталсын.
2. Ижара акысын чегерүү үчүн эсеп болуп - Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясынын алыш-бериш эсеби аныкталсын.
3. Жогоруда аталган келишимге ылайык келип түшкөн ижара акысынын каражаттары жергиликтүү кеңеш бекиткен Тартип боюнча пайдаланылсын.
4. Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясы Салык кодексинин 334-беренесинин 8-пунктуна ылайык жер пайдалануучулардын жер салыгын төлөөсүн жана тиешелүү аймактардын жергиликтүү бюджеттерине которулушун камсыздасын.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын уюштуруу-инспектордук иштер жана аймактык башкаруу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р.Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунан жер участокторун ижарага берүү…Закон · 16.02.2010 · № 29
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон