Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы № 377 „Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 5 июня 2026 года № 398 "О гарантиях и компенсациях лицам, проживающим и работающим в высокогорных зонах Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2026-06-05.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-июнундагы № 398 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ
2010-жылдын 7-декабры №308 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
"Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 25-июнундагы №377 "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жашаган жана иштеген адамдарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 4, 6 жана 7-пункттарындагы "жана социалдык өнүктүрүү" деген сөздөр "ишке орноштуруу жана миграция" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
"Нарын облусу" деген бөлүмүндө:
- "Нарын району" бөлүмчөсүнүн "Райондук коэффициент" деген графасында:
37-пунктундагы "1,20" деген сан "1,30" деген санга алмаштырылсын; "Ош облусу" бөлүмүндө:
- "Чоң-Алай району" бөлүмчөсүнүн "Райондук коэффициент" деген графасында:
"2-пунктундагы "1,60" деген сан "1,80" деген санга алмаштырылсын;
- "Кадамжай району" бөлүмчөсүнүн "Райондук коэффициент" деген графасында:
1-пункту алып салынсын; 2 жана 3-пункттарындагы "1,25" жана "1,20" деген сандар "1,30" деген санга алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу жана алыскы зоналарында жашаган элге эмгек акыларына жана башка социалдык төлөмдөрүнө кошумчаларды берүү үчүн керектүү финансылык каражатты республикалык бюджеттен өз убагында бөлүүнү камсыздасын.
3. Бул токтом 2011-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р.Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-июнундагы № 398 "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу зоналарында жашаган жана иштеген адамдарга кепилдиктер жана…Постановление · 05.06.2026 · № 398
- Постановление Правительства КР от 25 июня 1997 года № 377 "Об оказании государственной поддержки лицам, проживающим и работающим в высокогорных и отдаленных зонах Кыргызской…Постановление · 25.06.1997 · № 377 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 5-июнундагы № 398 "Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу зоналарында жашаган жана иштеген адамдарга кепилдиктер жана…Постановление · 05.06.2026 · № 398
- Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын зоналарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн мамлекеттик гарантиялар жана компенсациялар жөнүндөЗакон · 28.06.1996 · № 33
- Постановление Правительства КР от 25 июня 1997 года № 377 "Об оказании государственной поддержки лицам, проживающим и работающим в высокогорных и отдаленных зонах Кыргызской…Постановление · 25.06.1997 · № 377 · Күчүн жоготкон