Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 8-октябрындагы № 608 „Кыргыз Республикасынын облустук маанидеги шаарларынын мэрияларына муниципалдык менчикке объекттерди өткөрүп берүү жөнүндө“ токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ
2010-жылдын 25-ноябры №302 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 8-октябрындагы № 608 "Кыргыз Республикасынын облустук маанидеги шаарларынын мэрияларына муниципалдык менчикке объекттерди өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын "Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө" Мыйзамына ылайык муниципалдык менчик түзүү, Балыкчы шаардык кеңешинин макулдугун көңүлгө алуу менен Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын толук иштешин камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 8-октябрындагы №608 "Кыргыз Республикасынын облустук маанидеги шаарларынын мэрияларына муниципалдык менчикке объекттерди өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Балыкчы шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берилүүчү объекттердин тизмеси төмөнкү мазмундагы 49-пункт менен толукталсын:
"
| 49 | Электр отканалары, анын ичинде: - Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектептин электр отканасы; - Балыкчы шаарынын мэриясынын электр отканасы; - Л.Толстой атындагы орто мектептин электр отканасы; - Н.Крупская атындагы орто мектептин электр отканасы; - Макаренко атындагы орто мектептин электр отканасы; - Кыргызстандын 50 жылдыгы атындагы орто мектептин электр отканасы; - К.Жакыпов атындагы орто мектептин электр отканасы; - В.И.Ленин атындагы орто мектептин электр отканасы; - Калыгул Бай уулу атындагы орто мектептин электр отканасы; - Балдардын билим берүү боборунун электр отканасы; - "Сказка" бала бакчасынын электр отканасы; - "Ак-Тилек" бала бакчасынын электр отканасы; - "Чолпон" бала бакчасынын электр отканасы; - "Светлячок" бала бакчасынын электр отканасы; - "Келечек" бала бакчасынын электр отканасы | 15 1 1 1 1 1 1 1 1 1 1 1 1 1 1 1 | 525,8 69,4 5,3 72,7 21,9 60,3 31,1 52,6 44,6 18,7 2,6 11,9 85,4 17,3 15,8 16,1 |
".
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлк министрлиги Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен бирдикте белгиленген тартипте ушул токтомдун 1-пунктунда каралган объекттерди Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэриясынын муниципалдык менчигине өткөрүп берсин.
3. Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэриясына муниципалдык менчикке өткөрүлүп берилүүчү объектилердин сакталышын камсыздоо жана аларды шаардын жергиликтүү бюджетинин каражаттарынын эсебинен каржылоо сунушталсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р.Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнун 2001-жылдын 8-октябрындагы № 608 "Объекттерди Кыргыз Республикасынын облустук маанидеги шаарларынын муниципалдык менчиктерине өткөрүп берүү жөнүндө " токтомуПостановление · 08.10.2001 · № 608
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Государственная Программа по реализации прав детей Кыргызстана "Новое поколение" до 2010 года (Утверждена постановлением Правительства Кыргызской Республики от 14 августа 2001…Программа · 14.08.2001 · № 431 · Күчүн жоготкон