Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Жерүй» алтын кенин өздөштүрүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ
2010-жылдын 18-ноябры №286 "Жерүй" алтын кенин өздөштүрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-майындагы №377 "Жерүй" алтын кенин өздөштүрүү боюнча биргелешкен ишкана түзүү жөнүндө" токтому менен "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун жана "Global G.o.l.d. Holdi№g Gmbh" жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда "Жерүй" кенин биргелешип иштетүү жана Лицензиялык Аянт жөнүндө келишими жактырылган. Ушул токтомдун негизинде "Кыргызалтын" ачык акционердик коому жана "Global G.o.l.d. Holdi№g Gmbh" жоопкерчилиги чектелген коому менен түзүлгөн "Жерүйалтын" жабык акционердик коомуна "Жерүй" кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна 2006-жылдын 19-июлундагы № 639 АЕ лицензиясы берилген. "Жерүй" кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна 2006-жылдын 19-июлундагы №639 АЕ лицензиясынын ажыратылгыс бөлүгү болуп эсептелген 2008-жылдын 23-октябрындагы №3 лицензиялык макулдашуунун шарттарын "Жерүйалтын" жабык акционердик коому ушул убакытка чейин аткарбай жатканын Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт:
- 2009-жылдын 1-октябры мөөнөтүнө чейин кен-байытуучу комбинат алтын иргеп алуучу фабриканын жана калдыктарды сактоочу жайдын негизги объекттери боюнча техникалык долбоорлору мыйзамда белгиленген тартипте тапшырылган жок жана макулдашылган эмес;
- 2010-жылдын 1-ноябры мөөнөтүнө чейин кен-байытуучу комбинатынын негизги объекттеринин курулушу 200 (эки жүз) миллион АКШ доллары сарпталса да башталган эмес.
"Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде, эгерде лицензиялык макулдашууда көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде жер казыналарын, айлана-чөйрөнү коргоо, техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик органдар жана жер укугунун менчик ээлери менен макулдашылган иштерди жүргүзүүгө техникалык долбоор берилбесе, кен пайдалануу укугу, лицензияны алып коюу (жокко чыгаруу) менен токтотулат. Жогоруда айтылгандарды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын экономикасына пайдасын арттыруу максатында "Жерүй" кенин ыкчам өздөштүрүү зарылчылыгын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары министрлиги:
- "Жерүй" кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна "Жерүйалтын" жабык акционердик коомуна берилген 2006-жылдын 19-июлундагы № 639 АЕ лицензиясын мыйзамда белгиленген тартипте жокко чыгарсын;
- "Жерүй" алтын кенин иштетүү максатында жер казынасын пайдалануу укугуна жана "Жерүй аянтын" геологиялык изилдөөгө ачык сынак өткөрүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуштарды киргизсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-майындагы № 377 "Жерүй" алтын кенин өздөштүрүү боюнча биргелешкен ишкана түзүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп табылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р.Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (4)
- КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин 2012-жылдын 26-январындагы № 25 (Ташбаев Учкун Азизбековичке ишеним кат берүү тууралуу) буйругуРаспоряжение · 26.01.2012 · № 25
- КР Өкмөтүнүн Аппарат-жетекчисинин-министрдин 2012-жылдын 26-сентябрындагы № 271 (И.К.Чунуев жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 26.09.2012 · № 271
- КР Өкмөтүнүн Аппарат Жетекчисинин - министрдин 2013-жылдын 25-ноябры № 275 ((Муканов Э.Т. боюнча) буйргуРаспоряжение · 25.11.2013 · № 275
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-майындагы № 377 "Жерүй" алтын кенин өздөштүрүү боюнча биргелешкен ишкана түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 23.05.2006 · № 377
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-майындагы № 377 "Жерүй" алтын кенин өздөштүрүү боюнча биргелешкен ишкана түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 23.05.2006 · № 377
- Жер казынасы жөнүндөЗакон · 02.07.1997 · № 42 · Күчүн жоготкон