Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жерүй» алтын кенин өздөштүрүү боюнча биргелешкен ишкана түзүү жөнүндө» токтому
КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-ноябрындагы N 286 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 23-майындагы № 377
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Жерүй" алтын кенин өздөштүрүү боюнча биргелешкен ишкана түзүү
жөнүндө
"Жерүй" алтын кенин өздөштүрүүнү тездетүү максатында Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун жана "Глобал Голд
Холдинг ГмбХ" компаниясынын ортосунда "Жерүй" кенинде биргелешкен иш-
аракет жана Лицензиялык аянт жөнүндө келишимдин долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча
мамлекеттик комитети белгиленген тартипте:
-"Жерүй" алтын кенин өздөштүрүү боюнча "Кыргызалтын" ачык
акцнонердик коомунун жана "Глобал Голд Холдинг ГмбХ" компаниясынын
ортосунда биргелешкен ишкана түзүү жөнүндө маселени «Кыргызалтын» ачык
акционердик коомунун акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушунда
карасын;
-"Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун башкармасынын төрагасы -
президентине жогоруда көрсөтүлгөн Келишимге, уюштуруу келишимине жана
биргелешкен ишкана түзүү жана анын иш-аракети үчүн зарыл болгон башка
документтерге кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
3.Кыргыз Республикасынын Адилет министрлиги түзүлүүчү биргелешкен
ишкананы белгиленген тартипте каттасын.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүне караштуу Геологня жана
минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик жањыдан түзүлүүчү
биргелешкен ишканага "Жерүй" кенин иштетүүгө жана Жерүй кен талаасын
геологиялык изилдөөгө лицензияларды берсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын отун-энергетика комплекси, кен казып
алуу тармагы жана жаратылыштык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-ноябрындагы №286 "Жерүй" алтын кенин өздөштүрүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.11.2010 · № 286
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-июнундагы № 422 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2006-жылдын 29-майындагы № 1009-III "Жерүй" алтын кенинин абалы жана…Постановление · 12.06.2006 · № 422 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-ноябрындагы №286 "Жерүй" алтын кенин өздөштүрүү жөнүндө" токтомуПостановление · 18.11.2010 · № 286