Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасында экспорттук контролдун улуттук тутумун өркүндөтүү боюнча андан аркы чаралары жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 13 сентября 2024 года № 573 "Об утверждении Положения о порядке осуществления экспортного контроля за контролируемой продукцией в Кыргызской Республике"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-09-13.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 573 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 27-октябрындагы № 257 Кыргыз Республикасында экспорттук контролдун улуттук тутумун өркүндөтүү боюнча андан аркы чаралары жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-январындагы № 15, 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 748 токтомунун редакциясына ылайык)
"Экспорттук контроль жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ченемдик укуктук актыларды эл аралык талаптарга ылайык келтирүү жана экспорттук контролдун кыйла натыйжалуу тутумун түзүү максаттарында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат: (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 748 токтомунун редакциясына ылайык) ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тиркелген Кыргыз Республикасында контролдонуучу продукцияга экспорттук контролду жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө жобо бекитилсин.
2. 2004-жылдын 4-майындагы № 330 «Кыргыз Республикасында экспорттук контролдун улуттук тутумун киргизүү боюнча чаралар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- 1-пункттун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп табылсын;
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу экспорттук контролдоого тийиш болгон продукциянын транзитине уруксат берүүнүн тартибинде:
- 1.3-пункт төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
«транзит - бажы контролу астында Кыргыз Республикасынын бажы аймагы боюнча чет өлкөлүк товарлар Кыргыз Республикасынын бажы аймагында баруучу жер менен ал аймактан кетүүчү жердин ортосунда бажы контролу астында бажы алымдарын, салыктарды төлөбөстөн, ошондой эле тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тарифтик эмес жөнгө салуу чаралары колдонулбастан ары-бери жөнөтүүдөгү бажы режими;»;
- 1.4-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:
«1.4. Контролдонуучу продукциянын транзитине уруксат берүү укугу Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлигине жүктөлөт. Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча ары-бери жөнөтүүдө аны башка транспорттук каражатка жүктөгөн учурда контролдонуучу продукцияны текшерип кароо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жана зарыл болгондо компетенттүү мамлекеттик органдар менен эксперт ведомстволордун өкүлдөрүнүн катышуусу менен жүргүзүлөт. Продукциянын айкын түрүнө транзитке уруксат берүү транзит жөнүндө маселе Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги менен жана зарыл болгондо контролдонуучу продукциянын түрүнө жараша ишке тиешеси бар башка башка органдар менен алдын ала макулдашылгандан кийин жүзөгө ашырылат.»;
- 1.8-пункт «жүктүн мүнөзү,»деген сөздөрдөн кийин «ташууда коопсуздук техникасы» деген сөздөр менен толукталсын;
- I бөлүм төмөнкү мазмундагы 1.10 жана 1.11-пункттар менен толукталсын:
«1.10. Контролдонуучу продукциянын санкция берилбеген транзитинин учурунда тышкы экономикалык иштин катышуучулары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.
1.11. Контролдонуучу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен кооптуу жүктөрдүн категориясына таандык кылынгандардын транзитине уруксат алгандан кийин тышкы экономикалык иштин катышуучулары бул контролдонуучу продукцияны ары-бери жөнөтүүнү кооптуу жүктөрдү ташуунун коопсуздугу жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын белгиленген талаптарына так ылайык жүзөгө ашырат;»;
- 2.2-пунктта:
төртүнчү жана алтынчы абзацтардагы «1.9 жана 1.8» цифралары тиешелүүлүгүнө жараша «1.8 жана 1.7» цифралары менен алмаштырылсын; он биринчи абзац төмөнкү редакцияда баяндалсын: «- Кыргыз Республикасынын бажы чек арасынан өткөрүү пункттары аркылуу кыймылдын мөөнөттөрү жана маршруту, транспорттун түрү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги; зарыл болгондо билдирилген транзиттик ташууну жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы жана Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен макулдашылгандыгын ырастоочу документтер.»; төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын: «Транзиттин мөөнөттөрү жана баруучу маршруту макулдашылгандан, уруксат берилгенден кийин Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги бардык ишке тиешеси бар Кыргыз Республикасынын министрликтери менен ведомстволоруна, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматына токтоосуз кабарлайт.»;
- 2.3-пункттун экинчи абзацындагы «а» жана «б» пунктчаларындагы» деген сөздөр «экинчи жана үчүнчү абзацтарындагы» деген сөздөр менен алмаштырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине жүктөлсүн.
(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-январындагы № 15 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Р. Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 11 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (11)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 573 "Кыргыз Республикасында контролго алынуучу продукцияга экспорттук контролду жүзөгө ашыруунун…Постановление · 13.09.2024 · № 573
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрындагы № 340 "Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 1540-резолюциясын аткаруу боюнча 2022-2025-жылдарга…Постановление · 24.12.2021 · № 340
- Порядок выдачи разрешения на транзит продукции, подлежащий экспортному контролю, через территорию Кыргызской Республики (Утвержден Постановлением Правительства Кыргызской…Постановление · 04.05.2004 · № 330 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 4 мая 2004 года №330 "О мерах по внедрению в Кыргызской Республике национальной системы экспортного контроля"Постановление · 04.05.2004 · № 330 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасында контролдонуучу продукцияга экспорттук контролду жүзөгө ашыруунун тартиби жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-октябрындагы № 257…Положение · 27.10.2010 · № 257 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 5-мартындагы № 111 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ишинин программасын ишке ашыруу боюнча 2013-жылга иш-чаралардын планын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 05.03.2013 · № 111 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 24-июлундагы № 443 "Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук Кеңешинин 1540-резолюциясын аткаруу боюнча 2017-2019-жылдарга Кыргыз Республикасынын иш-аракеттер…Постановление · 24.07.2017 · № 443 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 748 токтомуПостановление · 17.11.2017 · № 748
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 17-ноябрындагы № 748 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-октябрындагы № 257 "Кыргыз Республикасында экспорттук…Постановление · 17.11.2017 · № 748 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-октябрындагы № 257 "Кыргыз Республикасында…Постановление · 14.01.2022 · № 13 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 10-январындагы № 15 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-октябрындагы № 257 " Кыргыз Республикасында экспорттук…Постановление · 10.01.2014 · № 15 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Экспорттук контроль жөнүндөЗакон · 23.01.2003 · № 30
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 13-сентябрындагы № 573 "Кыргыз Республикасында контролго алынуучу продукцияга экспорттук контролду жүзөгө ашыруунун…Постановление · 13.09.2024 · № 573
- Постановление Правительства КР от 4 мая 2004 года №330 "О мерах по внедрению в Кыргызской Республике национальной системы экспортного контроля"Постановление · 04.05.2004 · № 330 · Күчүн жоготкон
5 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 28-октябрындагы № 708 "Мамлекеттик зайымдык каражаттардын кайтарымдуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн…Постановление · 17.11.2017 · № 708
- Евразиялык экономикалык шериктештикке мүчө-мамлекеттердин 2003-жылдын 28-октябрында Москва шаарында кол коюлган экспорттук көзөмөлдүн Бирдей тартиби жөнүндө Макулдашуусун…Закон · 22.12.2005 · № 167
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 155 "Экспорттук контролдоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 20.04.2021 · № 155 · Күчүн жоготкон