Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Постановление Правительства КР «О мерах по внедрению в Кыргызской Республике национальной системы экспортного контроля»
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 27 июня 2025 года № 368 "О Комиссии по военно-техническому сотрудничеству и экспортному контролю"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-06-27.
КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-июнундагы № 368 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2004-жылдын 4-майы N 330 Экспорттук контролдун улуттук системасын Кыргыз Республикасында ишке киргизүү боюнча чаралар жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377, 2007-жылдын 9-ноябрындагы № 539, 2010-жылдын 27-октябрындагы № 257, 2013-жылдын 1-июлундагы N 395, 2015-жылдын 12-мартындагы № 115, 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 155 токтомдорунун редакцияларына ылайык) "Экспорттук контроль жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 14-августундагы N 265 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен аскердик-техникалык кызматташтыгын андан ары өнүктүрүү жана экспорттук контролдун улуттук системасын ишке киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу, экспорттук контроль жаатында ченемдик-укуктук базаларды андан ары өнүктүрүү жана массалык кыргын салуучу куралдарды түзүү, аны ташып келүү каражаттары жана курал-жарактар менен аскердик техниканын башка түрлөрү үчүн пайдаланылышы мүмкүн болгон контролдонуучу продукцияларга (мындан ары - контролдонуучу продукция) карата экспорттук контролдун улуттук системасын Кыргыз Республикасында ишке киргизүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:
- Аскердик-техникалык кызматташтык жана экспорттук контроль боюнча комиссия жөнүндө жобо;
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-октябрындагы № 257 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
- (абзац КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 155 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
(КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-октябрындагы № 257, 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 155 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги экспорттук контролдонууга тийиш продукциялардын экспорту, импорту жана реэкспорту боюнча экспорттук контролду ишке ашыруу, тышкы экономикалык операцияларды лицензиялоо жана Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу анын транзитине уруксат берүү боюнча Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы болуп аныкталсын.
(КР Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377, 2013-жылдын 1-июлундагы № 395, 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 155 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
3. Экспорттук контроль жаатында ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, контролдонуучу продукциялардын түрлөрү боюнча эксперттер катары аныкталган Кыргыз Республикасынын министрликтери жана ведомстволору ушул токтомдон келип чыгуучу талаптарды аткаруу жана "Экспорттук контроль жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Президентинин 2003-жылдын 14-августундагы "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен аскердик-техникалык кызматташтыгын андан ары өнүктүрүү жана экспорттук контролдун улуттук системасын ишке киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгын аткаруу боюнча чараларды көрүшсүн.
4. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашууну ишке ашыруу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 3-октябрындагы N 607 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"3. Аскердик багыттагы продукцияны, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуу, өндүрүү жана сатуу, курал-жарактарга, аскер техникасына карата экспорттук контроль, ошондой эле илимий-техникалык маалыматтар, жумуштар жана кызмат көрсөтүүлөр, интеллектуалдык иш-аракеттердин натыйжалары, анын ичинде аскердик багыттагы продукция болуп эсептелүүчү аларга (интеллектуалдык менчик) өзгөчө укук боюнча иштерди лицензиялоо мыйзамда белгиленген тартипке ылайык ишке ашырылат.";
- 4-пункттун экинчи абзацы жана 5-пункттун төртүнчү абзацы алып салынсын;
- Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен аскердиктехникалык кызматташтыгы боюнча комиссия жөнүндө жобо күчүн жоготту деп табылсын;
жогоруда аталган токтом менен бекитилген, Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен аскердик-техникалык кызматташтык жүргүзүү тартиби жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин: Жобонун бүткүл тексти боюнча "Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча комиссия" деген сөздөр "Аскердик-техникалык кызматташтык жана экспорттук контроль боюнча комиссия" деген сөздөр менен тиешелүү жөндөмөдө алмаштырылсын; 2-пункттун биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "Мурда түзүлгөн контракттар (келишимдер) боюнча аскердик багыттагы продукцияларды экспорттоого, импорттоого лицензия берүү үчүн зарыл шарт болуп Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берилүүчү аскердик багыттагы продукцияларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү иштеп чыгуу, өндүрүү, сатуу боюнча иш-аракеттер укугуна лицензиянын болушу эсептелет. Бул учурда төмөнкүлөр белгиленет:";
- Кыргыз Республикасынын уюмдарына жогоруда аталган токтом менен бекитилген аскердик багыттагы продукцияларга карата тышкы соода иш-аракетин жүргүзүү укугун берүү жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "2. Аскердик багыттагы продукцияларды экспорттоону, импорттоону лицензиялоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипке ылайык жүргүзүлөт."; Жобонун бүткүл тексти боюнча "Аскердик-техникалык кызматташтык боюнча комиссия" деген сөздөр "Аскердик-техникалык кызматташтык жана экспорттук контроль боюнча комиссия" деген сөздөр менен тиешелүү жөндөмөдө алмаштырылсын; 15-пункт күчүн жоготту деп табылсын.
5. (КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-мартындагы № 115 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
6. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтык жөнүндө" макулдашууну ишке ашыруу тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 3-октябрындагы N 607 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 19-июнундагы N 383 токтому күчүн жоготту деп табылсын.
7. "Кыргыз Республикасынын Президентинин "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен аскердик-техникалык кызматташтыгын андан ары өнүктүрүү жана экспорттук контролдун улуттук системасын ишке киргизүү боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгынын долбоору жактырылсын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына киргизилсин.
8. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы № 395 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
Н.Танаев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 11 · цитата келтиргендер: 16 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (16)
- Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен аскердик-техникалык кызматташтыгын ишке ашыруунун тартиби жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 30-октябрындагы…Положение · 03.10.2000 · № 607
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 3-октябрындагы № 607 "Аскердик-техникалык кызматташтык жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн…Постановление · 03.10.2000 · № 607
- Аскердик багыттагы продукцияларга карата тышкы соода иштерин жүргүзүүгө Кыргыз Республикасынын уюмдарына укук берүү жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын…Постановление · 03.10.2000 · № 607
- Положение о порядке осуществления экспортного контроля в Кыргызской Республике (Утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики от 4 мая 2004 года № 330)Положение · 04.05.2004 · № 330
- ПОЛОЖЕНИЕ о порядке предоставления организациям Кыргызской Республики права осуществления внешнеторговой деятельности в отношении продукции военного назначения (Утверждено…Положение · 03.10.2000 · № 607
- Положение о Комиссии по военно-техническому сотрудничеству и экспортному контролю (Утверждено постановлением Правительства Кыргызской Республики от 4 мая 2004 года № 330)Положение · 04.05.2004 · № 330
- Положение о порядке осуществления военно-технического сотрудничества Кыргызской Республики с иностранными государствами (Утверждено Постановлением Правительства КР от 3 октября…Положение · 03.10.2000 · № 607
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-июнундагы № 368 "Аскердик-техникалык кызматташтык жана экспорттук контроль боюнча комиссия жөнүндө" токтомуПостановление · 27.06.2025 · № 368
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 4-октябрындагы №570-б буйругу (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Отчету жактыруу жөнүндө )Распоряжение · 04.10.2006 · № 570
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-мартындагы № 115 "Лицензияланууга тийиш болгон экспорттолуучу жана импорттолуучу өзгөчөлүү товарлардын, эксперт-уюмдардын жана лицензиарлардын…Постановление · 12.03.2015 · № 115 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 29 октября 1998 года № 709 "Об утверждении организаций лицензиаров и экспертов по лицензированию экспорта и импорта специфических товаров в…Постановление · 29.10.1998 · № 709 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-октябрындагы № 257 "Кыргыз Республикасында экспорттук контролдун улуттук тутумун өркүндөтүү боюнча андан аркы чаралары жөнүндө"…Постановление · 27.10.2010 · № 257 · Күчүн жоготкон
- Порядок выдачи разрешения на транзит продукции, подлежащий экспортному контролю, через территорию Кыргызской Республики (Утвержден Постановлением Правительства Кыргызской…Постановление · 04.05.2004 · № 330 · Күчүн жоготкон
- ПОЛОЖЕНИЕ о Комиссии по военно-техническому сотрудничеству Кыргызской Республики с иностранными государствами (Утверждено постановлением Правительства КР от 3 октября 2000 года…Положение · 03.10.2000 · № 607 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 155 "Экспорттук контролдоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 20.04.2021 · № 155 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 19 июня 2002 года N 383 "О внесении изменений в Положение о Комиссии по военно-техническому сотрудничеству Кыргызской Республики с иностранными…Постановление · 19.06.2002 · № 383 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (11)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 3-октябрындагы № 607 "Аскердик-техникалык кызматташтык жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн…Постановление · 03.10.2000 · № 607
- Экспорттук контроль жөнүндөЗакон · 23.01.2003 · № 30
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-июнундагы № 368 "Аскердик-техникалык кызматташтык жана экспорттук контроль боюнча комиссия жөнүндө" токтомуПостановление · 27.06.2025 · № 368
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 27-августундагы № 377 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жана күчүн…Постановление · 27.08.2007 · № 377
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 1-июлундагы № 395 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 01.07.2013 · № 395
- Указ Президента КР от 14 августа 2003 года №265 " О мерах по дальнейшему развитию военно-технического сотрудничества Кыргызской Республики с иностранными государствами и…Указ · 14.08.2003 · № 265 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 12-мартындагы № 115 "Лицензияланууга тийиш болгон экспорттолуучу жана импорттолуучу өзгөчөлүү товарлардын, эксперт-уюмдардын жана лицензиарлардын…Постановление · 12.03.2015 · № 115 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 27-октябрындагы № 257 "Кыргыз Республикасында экспорттук контролдун улуттук тутумун өркүндөтүү боюнча андан аркы чаралары жөнүндө"…Постановление · 27.10.2010 · № 257 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 19 июня 2002 года N 383 "О внесении изменений в Положение о Комиссии по военно-техническому сотрудничеству Кыргызской Республики с иностранными…Постановление · 19.06.2002 · № 383 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 20-апрелиндеги № 155 "Экспорттук контролдоо чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү…Постановление · 20.04.2021 · № 155 · Күчүн жоготкон
11 ичинен 10 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.