Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР УӨ «Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамына шайлоолор боюнча рейтингдик добуш берүүнүн биринчи этабы жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 24 июня 2022 года № 335 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-06-24.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 13-августу № 159 Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамына шайлоолор боюнча рейтингдик добуш берүүнүн биринчи этабы жөнүндө «Кыргыз Республикасында коомдук телерадиоберүүнү түзүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-апрелиндеги № 28 Декретинин жоболоруна, Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү компаниясынын Байкоочу кеңешинин мүчөлөрүн шайлоонун бекитилген жолжоболоруна ылайык, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Маалыматтык-координациялык борбор Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамына шайлоо боюнча добуш берүүнүн экинчи этабы үчүн катталган 47 талапкердин ичинен 30 талапкерди тандап алуу боюнча сурамжылоо усулу менен Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн добуш берүүсүн уюштурсун.
2. 2010-жылдын 5-августуна чейинки мөөнөттө алынган маалыматтарды иштеп чыксын жана рейтингдик добуш берүү жолу менен аныкталган 30 талапкерди Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн добуш берүүсүнүн экинчи этабына киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы
Р. Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 24.06.2022 · № 335
- КР УО 2010-жылдын 30-апрелинин №28 "Кыргыз Республикасында Коомдук телерадиоберүүнү ачуу жөнүндө" ДекретиДекрет · 30.04.2010 · № 28 · Күчүн жоготкон