Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР УО «Кыргыз Республикасында Коомдук телерадиоберүүнү ачуу жөнүндө» Декрети
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 21 декабря 2011 года № 247 "Об Общественной телерадиовещательной корпорации Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-12-21.
Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 21-декабрындагы №247 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары
2010-жылдын 30-апрели УӨ №28
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УБАКТЫЛУУ ӨКМӨТҮНҮН ДЕКРЕТИ
Кыргыз Республикасында Коомдук
телерадиоберүүнү түзүү жөнүндө
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн
2010-жылдын 19-августундагы УӨ № 122 декретинин
редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын маалыматтык мейкиндигин турукташтыруу, жа-
рандык контролдун механизмдерин киргизүү жана коомдук кабар берүүнүн
ролун жогорулатуу максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү
ушул Декретти кабыл алат:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү боюнча корпораци-
ясына "Кыргыз Республикасынын коомдук телерадиоберүү корпорациясы" де-
ген аталыш менен Коомдук телерадиоберүү статусу берилсин.
2. "Кыргыз Республикасынын коомдук телерадиоберүү корпорациясы
жөнүндө" Жобо бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын коомдук телерадиоберүү корпорациясынын
Байкоочу кењеши 15 адамдан турат.
Кыргыз Республикасынын коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Бай-
коо кењешинин мүчөлөрүн Кыргыз Республикасынын Президенти Кыргыз Рес-
публикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн сунушу боюнча дайындайт. Кыргыз Рес-
публикасынын Убактылуу Өкмөтү рейтингдик добуш берүү жолу менен коммер-
циялык эмес уюмдар сунуштаган талапкерлердин ичинен 15 адамды тандайт.
Кењештин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү үч жыл болот.
Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын баш-
кы директору Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорация-
сынын Байкоочу кењешинин мүчөлөрү тарабынан 5 жылдык мөөнөткө шайланат.
(КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-августундагы УӨ № 122 дек-
ретинин редакциясына ылайык)
4. Ушул Декрет Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук акты-
ларына карама-каршы келген учурда ушул Декрет иштетилет.
"Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүн-
дө" Жобо менен ушул Декреттин ортосунда Кыргыз Республикасынын коомдук
телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кењешин түзүүнүн тартиби бөлү-
гүндө карама-каршылыктар келип чыкканда, ушул Декреттин ченемдери кол-
донулат.
5. Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын
ишин жөнгө салуу бөлүгүндө "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө"
Кыргыз Республикасынын Мыйзамы күчүн жоготту деп табылсын.
6. Ушул Декреттин аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратына жүктөлсүн.
7. Ушул Декрет кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын
Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы Р.Отунбаева
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 8 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (8)
- Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндөЗакон · 02.06.2008 · № 106
- КР Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 24-августундагы УӨ № 533 (Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн Кыргыз Республикасынын коомдук телерадиоберүү корпорациясынын…Распоряжение · 24.08.2010 · № 533
- Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндөЗакон · 21.12.2011 · № 247 · Күчүн жоготкон
- 2010-жылдын 25-августу ПЖ № 144 "Кыргыз Республикасынын коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоо кеңешинин мүчөлөрүн дайындоо жөнүндө" жарлыгыУказ · 25.08.2010 · № 144 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 16 августа №163 "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамына шайлоо боюнча рейтингдик добуш берүүнүн экинчи…Постановление · 16.08.2010 · № 163 · Күчүн жоготкон
- КР УӨ 2010-жылдын 13-августундагы №159 "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамына шайлоолор боюнча рейтингдик добуш берүүнүн…Постановление · 13.08.2010 · № 159 · Күчүн жоготкон
- КР УӨ 2010-жылдын 16-августундагы №163 "Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамына шайлоо боюнча рейтингдик добуш берүүнүн экинчи…Постановление · 16.08.2010 · № 163 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын УО 2010-жылдын 19-августунун №122 "Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 30-апрелиндеги № 28 "Кыргыз Республикасында коомдук…Декрет · 19.08.2010 · № 122 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндөЗакон · 21.12.2011 · № 247 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.