Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасында курулуш тармагын өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2010-10-18.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ
2010-жылдын 12-марты №147 Кыргыз Республикасында курулуш тармагын өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-октябряндагы №247 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 31-мартындагы № 183 "2009-2011-жылдарга Өлкөнү өнүктүрүү стратегиясы жөнүндө" Жарлыгын аткаруу үчүн, республиканын жарандарынын бардык категорияларына жеткиликтүү болгон турак жай рыногун түзүү үчүн турак жай курулушун туруктуу өнүктүрүү проблемаларын комплекстүү чечүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттиги:
- төмөнкүлөрдү иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин:
Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги менен бирдикте 2011-2015-жылдарга турак жай курулушунун мамлекеттик программасынын долбоорунбелгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттиги, облустардын мамлекеттик администрациялары, Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары менен макулдашып, 2010-жылдын үчүнчү кварталында; Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, Кыргыз Республикасынын Экономикалык тескөө министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы менен бирдикте «Кыргыз Республикасында турак үйлөрдү, жайларды милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун - 2010-жылдын төртүнчү кварталында; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин ведомстволук мекемелеринин материалдык-техникалык жана өндүрүштүк-эксперименттик базасын жаңылоону караган Курулуштун сейсмотуруктуулугу жана курулуш объекттеринин энерго натыйжалуулугу боюнча мамлекеттик программанын долбоорун - 2010-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө; Курулушта баа түзүүнүн жаңы системасын кабыл алуу үчүн курулуш-монтаждоо иштерине баалардын жаңы жыйнактарын - 2010-жылдын төртүнчү кварталында; тез курулуучу конструкциялардан билим берүү (мектептер, спорт залдар), саламаттык сактоо (фельдшер-акушердик пункттар, ооруканалар) объектилерин жана администрациялык имараттарды (акимиаттар, райондук ички иштер бөлүмдөрү, соттор, почтамптар) куруу үчүн типтүү долбоорлорду - 2010-жылдын үчүнчү кварталында; жеңил конструкциялардан тез курулуучу имараттарды долбоорлоо боюнча курулуш нормаларын жана эрежелерин2010-жылдын үчүнчү кварталында;
- Кыргыз Республикасынын аймагында объекттерди долбоорлоодо жана курууда республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен объекттерди курууну жана координациялоону жүргүзсүн;
- жергиликтүү мамлекеттик администрациялар менен бирдикте республиканын шаарларынын жана калктуу конуштарынын негизги пландарын өз учурунда иштеп чыгуу жана аны менен камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды көрсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине ушул токтомдо көрсөтүлгөн иш-чараларды «Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган каражаттардын чегинде өз учурунда каржылоону камсыздасын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигине жүктөлсүн.
Премьер-министр
Д.Үсөнов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-октябрындагы №247 "Билим берүү объекттерин куруу боюнча мамлекеттик заказчы жөнүндө" токтомуПостановление · 18.10.2010 · № 247
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын 2010-жылга республикалык бюджети жана 2011-2012-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 29.01.2010 · № 19
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- КР Президентинин 2009-жылдын 31-мартындагы № 183 "2009-2011-жылдарга өлкөнү өнүктүрүү Стратегиясы жөнүндө" жарлыгыУказ · 31.03.2009 · № 183 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.