Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 25 февраля 2011 года №76 "Об отзыве некоторых проектов нормативных правовых актов Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-02-25.
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-февралындагы №76 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ
2010-жылдын 5-февралы №67 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын коргоо министринин биринчи орун басары аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Кыргыз Республикасынын Премьер-министрдин милдетин аткаруучу
А.Жапаров
Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу
1-берене. "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин-Тоо" гезити 2009-ж. 13-февралы, № 11) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 1-беренеде:
алтынчы абзацтагы "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Чек ара кызматынын" деген сөздөр "коргонуу жана чек ара кызматы органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- он биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"башка аскердик түзүлүштөр - ички иштер органдарынын, улуттук коопсуздуктун, мамлекеттик күзөттүн, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу боюнча ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдын ички аскерлери;";
2. 7-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"2. Чакырылууга чейинки жаштардын даярдыгын жүргүзүүгө контролдук билим берүү чөйрөсүндө ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган тарабынан коргонуу органы жана башка кызыкдар болгон органдар менен бирдикте жүзөгө ашырылат.";
3. Бүткүл текст боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдөгү "коргонуу органдары" деген сөздөргө алмаштырылсын;
4. 12-берененин 6-бөлүгүндөгү "ведомстволук нормативдик укуктук актылар" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөргө алмаштырылсын;
5. 32-беренеде:
- үчүнчү бөлүгү күчүн жоготту деп табылсын;
- төртүнчү бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Жарандарды альтернативалык кызматка чакыруу тартиби жана аны өтөө тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.".
2-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндөЗакон · 09.02.2009 · № 43
- Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү…Закон · 18.07.2019 · № 94
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 25-февралындагы №76 "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларынын айрым долбоорлорун кайра сурап алуу жөнүндө" токтомуПостановление · 25.02.2011 · № 76 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон