1-статья. Кинематография жаатындагы мамлекеттик саясаттын принциптери
Күчүндө · 21.02.2018 редакциясы
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 20 марта 2015 года № 66
Кинематография жаатындагы мамлекеттик саясат төмөндөгү принциптерге: Кыргыз Республикасынын маданиятынын жана искусствосунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган Кыргыз Республикасынын кинематографиясын (мындан ары - кинематография) сактап калууга жана өнүктүрүүгө мамлекет тарабынан кепилдиктердин камсыз кылынышы; кино-видеофильмдерди тартууну, жүгүртүүнү жана көргөзүүнү камтыган бирдиктүү тутум катары кинематографияны сактоо жана өнүктүрүү үчүн мамлекеттин жоопкерчилигине; Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан, анын ичинде коммуналдык (муниципалдык) менчикке өткөрүлүп берилген кино-видеофильмдерди чыгарган, кино-видеофильмдерди жүгүрткөн, кино-видеофильмдерди көргөзгөн мамлекеттик бардык ишканалар менен уюмдарды аткаруу бийлигинин кинематография жаатындага республикалык органына бекитип берүүгө; иш жүргүзүүнүн милдеттүү шарты катары чыгармачылык, билим берүү өндүрүштүк, техникалык, илимий жана маалыматтык базасын туруктуу өнүктүрүү болуп саналган кинематографияны маданият менен искусствонун бир тармагы деп таанууга; тарыхый-маданий, көркөм баалуулукка ээ болгон улуттук фильмдер фондусунун сакталышын камсыз кылууга; жарандардын киноискусствонун чыгармаларын түзүүдөгү жана пайдалануудагы укуктары менен эркиндиктерин жүзөгө ашырууга; калктын кинематографиянын чыгармаларынан пайдаланууга мүмкүнчүлүк алышы үчүн шарттарды түзүүгө негизделет. (КР 2015-жылдын 20-мартындагы № 66 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 21.02.2018 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 20 марта 2015 года № 66 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О государственной поддержке кинематографии Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
20.03.2015 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…жаатындагы мамлекеттик саясат төмөндөгү принциптерге: кошулду: Кыргыз Республикасынын маданиятынын жана искусствосунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган Кыргыз Республикасынын кинематографиясын (мындан ары - кинематография) сактап калууга жана өнүктүрүүгө мамлекет тарабынан кепилдиктердин камсыз кылынышы; кино-видеофильмдерди тартууну, жүгүртүүнү жана көргөзүүнү камтыган … пайдаланууга мүмкүнчүлүк алышы үчүн шарттарды түзүүгө негизделет. кошулду: (КР 2015-жылдын 20-мартындагы № 66 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (3)
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-августундагы № 484 "Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу"…Постановление · 15.08.2017 · № 464
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-мартындагы №179 "Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолор жана өзгөртүүлөр…Постановление · 18.03.2009 · № 179 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-сентябрындагы № 518 "Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана…Постановление · 02.09.2014 · № 518 · Күчүн жоготкон
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/919/st-1" title="1-статья - Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>