Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу'' Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-03-25.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2014-жылдын 2-сентябры № 518 "Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу'' Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.
3. Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министри аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
Дж.К. Оторбаев
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу
1-берене. "Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2001-ж., № 9, 334-6) төмөнкү өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
1. Преамбула күчүн жоготту деп табылсын.
2. 1-статья төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын маданиятынын жана искусствосунун ажырагыс бөлүгү болуп саналган Кыргыз Республикасынын кинематографиясын (мындан ары -кинематография) сактоонун жана өнүктүрүүнүн мамлекеттик кепилдиктерин камсыздоо;".
3. 1 -глава төмөнкү мазмундагы 1-1-статья менен толукталсын:
"1-1-статья, Ушул Мыйзамдын жөнгө салуу предмети. Ушул Мыйзам кинематографияны сактоо жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттин ишинин багыттарын аныктайт жана аны мамлекеттик колдоонун тартибин белгилейт.".
4. 2-статья төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"2-статья. Кинематографияны мамлекеттик колдоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары Кинематографияны мамлекеттик колдоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдары бул Мыйзамдан жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынан, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерден (мындан ары - эл аралык келишимдер) турат.".
5. 3-статьянын он сегизинчи жана он тогузунчу абзацтары төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Фильмдин баштапкы материалдары - фильмдин негативи, контратиби, контролдук көчүрмөсү, кайра жазып алуулардын, музыканын, репликалардын жана ызы-чуунун магниттик жана санариптик фонограммаларынын түп нускасы, видео-фонограмма-мастер, компакт-диск, катуу диск, сүрөт-материалдар жана фильмди ар кандай материалдык формада нускалоо үчүн зарыл болгон башка материалдар. Киносанжыранын баштапкы материалдары - негатив, видеофонограмма мастер, музыканын, репликалардын жана ызы-чуулардын магниттик жана санариптик фонограммаларынын түп нускасы жана ар кандай материалдык формада фильмди чыгаруу жана нускалоо үчүн зарыл болгон башка материалдар.".
6. 4-статьянын 2-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын тиешелүү эл-аралык келишимдеринин" деген сөздөр "эл аралык келишимдердин" деген сөздөргө алмаштырылсын.
7. 6-статьянын 2-бөлүгү төмөнкү редакцияда баяндалсын:
"Аудиовизуаддык чыгармаларды порнографиялык жана чыгармачылык иштин натыйжаларынын тыюу салынган башка түрлөрүнүн категориясына киргизүү тартиби жөнүндө жобо Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.".
8. 7-статьянын 2-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "негизги багыттары" деген сөздөр "багыттары" деген сөздөргө алмаштырылсын.
9. 8-статьянын 2-бөлүгүнүн биринчи абзацындагы "негизги чаралары" деген сөздөр "чаралары" деген сөзгө алмаштырылсын.
10-статьянын 2-бөлүгүндөгү "70" деген цифра "51" деген цифрага алмаштырылсын.
11. 13-статьянын 1-бөлүгүндөгү "Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фонду жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына" деген сөздөр "улуттук архивдик фонд чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына" деген сөздөргө алшаштырылсын.
2-берене. Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (3)
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 29-январындагы № 4737-V "Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана…Постановление · 29.01.2015 · № 4737-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 18-февралындагы № 4798-V "Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү…Постановление · 18.02.2015 · № 4798-V
- КР Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 18-декабрындагы № 4613-V "Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү…Постановление · 18.12.2014 · № 4613-V
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын кинематографиясын мамлекеттик колдоо жөнүндөЗакон · 02.10.2001 · № 86
- Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндөЗакон · 22.11.1999 · № 125
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон