6-статья. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруу
Күчүн жоготкон · 20.05.2016 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 мая 2016 года № 60.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги мамлекеттик карызды башкарууда төмөндөгүдөй ыйгарым укукка ээ:
1) эл аралык уюмдардан, банктардан, башка мамлекеттерден каражат карыз алууга, ошондой эле баалуу кагаздарды жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башка карыздык милдеттенмелерин чыгаруу жолу менен ички жана тышкы рыноктордо карыз алууну жүзөгө ашырууга;
2) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарын чыгарууну спецификациялоо жана шарттарын белгилөөгө;
3) ички жана тышкы рыноктордо республиканын мамлекеттик баалуу кагаздары менен операцияларды аткарууга;
4) Кыргыз Республикасын өнүктүрүү үчүн улуттук программаларга жана долбоорлорго кредиттерди алууга жана берүүгө;
5) мамлекеттик карыздын эсебин жүргүзүүгө;
6) зарыл карыз алууну пландаштырууга, карыз алуу боюнча программалардын долбоорлорун даярдоого;
7) зайымдарды берүүнү жана тындырууну, ошондой эле зайымдарга тийиштүү башка карыздык милдеттенмелердин аткарылышын контролдоого;
8) кайра кредиттөөнү жүзөгө ашырууга;
9) карыздын түзүмүн оптималдаштыруу боюнча, анын ичинде мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча, мамлекеттик карыздын түзүмүн өзгөртүү, мамлекеттик карыз алуу тобокелдиктерин башкаруу боюнча иш чараларды даярдоого жана жүзөгө ашырууга.
Берененин тексти 20.05.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
6-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/916/st-6" title="6-статья - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>