Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
5-статья. Мамлекеттик карыз алуунун жана мамлекеттик кепилдиктерди берүүнүн негизги принциптери
Күчүн жоготкон · 20.05.2016 редакциясы · 2-глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 16 мая 2016 года № 60.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 2 июня 2014 года № 86
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги мамлекеттик карызды башкарууда, тышкы карызды жүзөгө ашырууда жана мамлекеттик гарантияларды берүүдө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бирден-бир агенти болуп саналат. Башка мамлекеттик ишканалар менен мекемелер, ошондой эле жергиликтүү администрациялар тышкы зайымдарды жүзөгө ашырууга жана мамлекеттик кепилдиктерди берүүгө укугу жок.
2. Мамлекеттик карыздын жол берилүүчү эң чоң өлчөмү ички дүң продуктунун (ИДП) өлчөмүнөн ашпоого тийиш, ал эми мамлекеттик тышкы карыздын өлчөмү ички дүң продуктунун өлчөмүнүн 60 пайызынан ашпоого тийиш. Мында мамлекеттик карыздын өлчөмүнө карата чечим ар жыл сайын тиешелүү жылга Кыргыз Республикасынын республикалык бюджети жөнүндө мыйзамды бекитүүдө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынат.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын алтынын жана эл аралык резервдерин кошуп алганда мамлекеттин активдери жана ар кандай мүмкүн болгон же болочоктогу активдер мамлекеттик милдеттенмелерди аткаруунун кепилдиги үчүн күрөөгө коюлушу мүмкүн эмес.
4. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында ушундай милдеттенмелерди кабыл алуу же мындай милдеттенмелер каралгандан башка учурларда Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн милдеттенмелери үчүн жооп бербейт.
5. Мамлекеттик карыз алуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин алдын ала жактыруусу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жүзөгө ашырылат.
(КР 2014-жылдын 2-июнундагы № 86 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 20.05.2016 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/916/st-5" title="5-статья - Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана мамлекеттик эмес карызы жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>