Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР УӨ «Чет мамлекеттердин расмий документтерин легалдаштыруу талабын жокко чыгаруучу конвенциянын жоболорун жүзөгө ашыруу боюнча чаралар жөнүндө»
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2010-жылдын 10-июну УӨ № 75 Чет мамлекеттердин расмий документтерин легалдаштыруу талабын жокко чыгаруучу конвенциянын жоболорун жүзөгө ашыруу боюнча чаралар жөнүндө (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-февралындагы № 109 токтомунун редакциясына ылайык)
1961-жылдын 5-октябрында Гаага шаарында кол коюлган Чет мамлекеттердин расмий документтерин легалдаштыруу талабын жокко чыгаруучу конвенциянын (мындан ары - Гаага Конвенциясы) жоболорун жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Гаага Конвенциясынын 1-беренесинде көрсөтүлгөн расмий документтер тиркелген үлгүгө ылайык ушул документтерге апостиль коюу менен күбөлөндүрүлө тургандыгы белгиленсин.
2. Апостиль коюуга ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар катары төмөнкү мамлекеттик органдар аныкталсын:
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги - юстиция органдарынан чыккан расмий документтерге, ошондой эле башка мамлекеттик органдардан, белгиленген тартипте нотариалдык жактан ырасталган жеке жана юридикалык жактардын документтерине; Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги - Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынан чыккан расмий документтерге; Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы - прокуратура органдарынан чыккан расмий документтерге; Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматы улуттук коопсуздук органдарынан чыккан расмий документтерге; Кыргыз Республикасынын Финансылык полиция мамлекеттик кызматы финансылык полиция органдарынан чыккан расмий документтерге; Кыргыз Республикасынын Сот департаменти - сот органдарынан чыккан расмий документтерге.
3. Ушул токтомдун 2-пунктунда көрсөтүлгөн мамлекеттик органдар бир айлык мөөнөттө белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларына ушул токтомдон келип чыгуучу тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнө киргизишсин;
- апостиль коюу боюнча функцияларды аткарууга ыйгарым укуктуу жана аларды алмаштыра турган адамдардын чөйрөсүн аныкташсын;
- апостиль штамптарын жасатуу боюнча чараларды көрүшсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги апостиль коюу тартибин иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнө кароого киргизсин.
5. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги апостиль коюуга ыйгарым укук берилген мамлекеттик органдар жөнүндө Гаага Конвенциясынын депозитарийине - Нидерланддар Королдугунун Тышкы иштер министрлигине билдирилсин.
6. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнө караштуу Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги бир айлык мөөнөттө апостиль коюу үчүн жыйымдардын өлчөмү жана аларды алуу тартиби жөнүндө сунуштарды Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнө киргизсин.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, өнөр жай жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Төрагасы
Р. Отунбаева
Begin_nocompare
Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 10-июнундагы № 75 токтомуна тиркеме
Апостилдин үлгүсү (КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 28-февралындагы № 109 токтомунун редакциясына ылайык)
APOSTILLE
(Convention de la Haye du 5 octobre 1961)
1. Өлкө/Country
___________________________________________________________________________________________________ Ушул расмий документ/this public document
2. Кол коюлду/
has been signed by ________________________________________________________________________________
3. Катарында чыккан/
acting in the capacity of _____________________________________________________________________________
4. Мөөр/штамп менен күбелөндүрүлгөн/
bears the seal/stamp of _____________________________________________________________________________ күбөлөндүрүлдү/certified
5. Шaap/at __________________________________________________________________________________________
6. Датасы/the _______________________________________________________________________________________
7. Күбөлөндүргөн органдын аталышы/by _________________________________________________________________
8. № ______________________________________________________________________________________________
9. Мөөрү/штампы
seal/stamp _______________________________________________________________________________________
10. Колу/signature
Эскертүү: Гаага Конвенциясында 9x9 см кем эмес өлчөмдөгү квадрат түрүндөгү апостиль штампынын формасы каралган. 12x12 см өлчөмүндөгү апостиль штампына ээ болуу максатка ылайыктуу, анын аянтынын чегинде тексттин шрифти аны сүрөттөөгө жана окуганга ыңгайлуу болсун үчүн чоңойтулушу мүмкүн. Штампта колдонулган тилди, текстти жана аны жайгаштыруу ырааттуулугун өзгөртүүгө жол берилбейт. Штамптын текстин толтуруу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилинде же англис тилинде жүргүзүлөт. End_nocompare
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (6)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 18-ноябрындагы №283 "Апостиль коюунун тартиби жана шарттары жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн" токтомуПостановление · 18.11.2010 · № 283
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-июнундагы № 304 "Апостиль коюу үчүн жыйымдардын өлчөмү жөнүндө" токтомуПостановление · 13.06.2011 · № 304
- КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН 2023-жылдын 28-февралындагы № 109 "Апостилдештирүү маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым токтомдоруна…Постановление · 28.02.2023 · № 109
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 15-майындагы № 279 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы № 85 "Мамлекеттик органдар, алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү жана…Постановление · 15.05.2017 · № 279 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2010-жылдын 29-сентябрындагы ПЖ № 217 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2008-жылдын 21-апрелиндеги "Кыргыз Республикасынын Сот департаменти жана Кыргыз…Указ · 29.09.2010 · № 217 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-октябрындагы № 634 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 3-июнундагы № 303 "Мамлекеттик органдары, алардын түзүмдүк…Постановление · 02.10.2017 · № 634 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Аткаруу бийлигинин органдары, алардын түзүмдүк бөлүнүштөрү жана ведомстволук мекемелери тарабынан жеке жана юридикалык жактарга берилүүчү мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн…Стандарт · 03.06.2014 · № 303 · Күчүн жоготкон