Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 733 „Ишкердиктин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө“ токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 22 февраля 2011 года №66 "О внесении дополнений в постановление Правительства Кыргызской Республики "Об утверждении ставок налога на основе обязательного патента по видам экономической деятельности" от 28 января 2009 года № 58"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-02-22.
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы № 66 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 8-декабры № 739 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 733 "Ишкердиктин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу Оюн-зоок клубдардын кызматын көрсөтүүчү субъекттер тарабынан бюджетке салыктык төлөмдөрдүн түшүүсүн администрациялоону жакшыртуу жана көбөйтүү максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 353-беренесинин 1-бөлүгүнө жана 354-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 30-декабрындагы № 733 "Ишкердиктин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген ишкердиктин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыктын базалык суммасына төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:
- төмөнкүдөй мазмундагы № 125 пункт менен толукталсын:
"
125
Акчалай эмес утуштарды берчү оюн аппараттарды пайдалануу менен кызмат көрсөтүү (орнотулган 1 оюн аппарат үчүн)
92.72
4000
".
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн ишкердиктин түрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыктын суммасын бир апталык мөөнөттүн ичинде, иш кайсы жерде жүргүзүлөөрүнө жараша бекитсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн 30 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына жүктөлсүн.
Премьер-министр
Д.Үсөнов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008- жылдын 30-декабрындагы №733 "Ишкердиктин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 30.12.2008 · № 733 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы №66 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-январындагы № 58 "Экономикалык иштин түрлөрү боюнча милдеттүү патенттин негизиндеги…Постановление · 22.02.2011 · № 66 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008- жылдын 30-декабрындагы №733 "Ишкердиктин түрлөрү боюнча ыктыярдуу патенттин негизинде салыктын базалык суммасын бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 30.12.2008 · № 733 · Күчүн жоготкон
- Салык кодексиКодекс · 17.10.2008 · № 230 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-февралындагы №66 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 28-январындагы № 58 "Экономикалык иштин түрлөрү боюнча милдеттүү патенттин негизиндеги…Постановление · 22.02.2011 · № 66 · Күчүн жоготкон