Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин алдындагы „Аскер курулуш“ мамлекеттик ишканасы жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 10 октября 2025 года № 648 "О реорганизации государственных предприятий при Министерстве обороны Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-10-08.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-октябрындагы № 648 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ
2009-жылдын 19-сентябры №600 Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин алдындагы "Аскер курулуш" мамлекеттик ишканасы жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 342 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн муктаждыктарын жана керектөөлөрүн камсыздоо үчүн шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 5-главасына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 11-бе-ренесине жана "Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин алдындагы "Аскер курулуш" мамлекеттик ишканасы түзүлсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 342 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин алдындагы "Аскер курулуш" мамлекеттик ишканасынын (мындан ары - Ишкана) тиркелген уставы бекитилсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 342 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Ишкананын ишин жалпы башкарууну жана координациялоону Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жүргүзөөрү белгиленсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 342 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги:
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- Ишкананы юстиция органдарынан мамлекеттик каттоодон өткөрсүн;
- Ишкананын ишин ушул токтомдон келип чыккан материалдык-техникалык, финансылык жана башка камсыздоонун маселелерин чечсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 342 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 1-июлундагы N 398 "Улуттук коргонуу, улуттук коопсуздук, мамлекеттик сырды коргоо жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу менен байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун тартибин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Улуттук коргонуу, улуттук коопсуздук, мамлекеттик сырды коргоо жана табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу менен байланышкан товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуунун тартибине ылайык мамлекеттик заказды Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги жүргүзөөрү белгиленсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 342 токтомунун редакциясына ылайык)
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 6 · цитата келтиргендер: 6 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (6)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-октябрындагы № 648 "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу мамлекеттик ишканаларды кайра уюштуруу…Постановление · 08.10.2025 · № 648
- "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу "Аскер курулуш" мамлекеттик ишканасынын уставы (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-сентябрындагы № 600 токтомуна)Устав · 19.09.2009 · № 600 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 12-мартындагы №142 "Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдагы иши тууралуу отчетун жактыруу жөнүндө" токтомуПостановление · 12.03.2010 · № 142 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016 жылдын 27 апрелиндеги № 217 токтомуПостановление · 27.04.2016 · № 217
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы №342 токтомуПостановление · 24.12.2021 · № 342
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25 ноябры № 639 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-сентябрындагы № 600 “Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин алдындагы “Аскер…Постановление · 25.11.2013 · № 639 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (6)
- Коргоо жана Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрү жөнүндөЗакон · 24.07.2009 · № 242
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-октябрындагы № 648 "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу мамлекеттик ишканаларды кайра уюштуруу…Постановление · 08.10.2025 · № 648
- Постановление Правительства КР от 1 июля 1998 года № 398 "Об утверждении порядка закупок товаров, работ и услуг, связанных с национальной обороной, национальной безопасностью…Постановление · 01.07.1998 · № 398 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
6 ичинен 4 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
- КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-июнундагы № 312 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-сентябрындагы № 600 "Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик…Постановление · 24.06.2019 · № 312
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 19.10.2005 · № 155 · Күчүн жоготкон