Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин «Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу мамлекеттик ишканаларды кайра уюштуруу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 8-октябры № 648
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу мамлекеттик ишканаларды кайра уюштуруу жөнүндө
Коргоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик ишканалардын ишин оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 92, 93, 94-статьяларына, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу “Аскердик соода башкармалыгы” мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу “Кыргыз курал” жана “Аскер курулуш” мамлекеттик ишканаларын ага кошуу жолу менен кайра уюштурулсун.
2. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу "Аскердик соода башкармалыгы" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу "Аскер Сервис" мамлекеттик ишканасы деп кайра аталсын.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 109 токтомунун редакциясына ылайык)
3. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу "Аскер Сервис" мамлекеттик ишканасы Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу "Аскердик соода башкармалыгы", "Кыргыз курал" жана "Аскер курулуш" мамлекеттик ишканаларынын укук улантуучусу болуп саналат деп белгиленсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 109 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу "Аскер Сервис" мамлекеттик ишканасынын уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 109 токтомунун редакциясына ылайык)
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 342 “Коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга караштуу мамлекеттик ишканалардын маселелери жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 1-пункттун 1, 4-пунктчалары, 2, 5-пункттары күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги:
1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттик менен биргеликте белгиленген тартипте:
- кайра уюштурулуучу мамлекеттик ишканалардын өткөрүп берүү актыларын бекитсин;
- жаңы түзүлгөн мамлекеттик ишкананы мамлекеттик кайра каттоодон өткөрсүн;
- өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;
- бул токтомдон келип чыгуучу башка зарыл чараларды көрсүн;
2) Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу "Аскер Сервис" мамлекеттик ишканасын өнүктүрүүнүн стратегиялык планын бекитсин;
3) Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу ведомстволук мамлекеттик ишканалардын кредитордук карыздарын төлөө үчүн акча каражаттарын бөлсүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 109 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-июлундагы № 486 “Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин алдындагы “Кыргызкурал” мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө” токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-сентябрындагы № 600 “Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин алдындагы “Аскер курулуш” мамлекеттик ишканасы жөнүндө” токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25-ноябрындагы № 639 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-сентябрындагы № 600 “Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин алдындагы “Аскер курулуш” мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтомунун 14, 15-пункттары;
5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-октябрындагы № 637 “Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу “Аскердик соода башкармалыгы” мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө” токтому;
6) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 400 “Коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга караштуу “Кыргыз курал” мамлекеттик ишканасынын маселелери жөнүндө” токтому.
8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
9. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 8-октябрындагы № 77 (3733) саны менен жарыяланган.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
А.А. Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 9 · цитата келтиргендер: 11 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (11)
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 342 "Коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга караштуу мамлекеттик ишканалардын маселелери жөнүндө"…Постановление · 24.12.2021 · № 342
- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу “Кыргызкоргоосервис” мамлекеттик ишканасынын уставы (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 8-октябрындагы…Устав · 08.10.2025 · № 648
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 27.04.2016 · № 217
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 109 "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу ведомстволук мамлекеттик ишканалардын…Постановление · 17.02.2026 · № 109
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-июлундагы №486 " Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин алдындагы «Кыргызкурал» мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 30.07.2009 · № 486 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-сентябырындагы № 600 "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин алдындагы "Аскер курулуш" мамлекеттик ишканасы жөнүндө" токтомуПостановление · 19.09.2009 · № 600 · Күчүн жоготкон
- "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу "Аскер курулуш" мамлекеттик ишканасынын уставы (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-сентябрындагы № 600 токтомуна)Устав · 19.09.2009 · № 600 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу "Кыргызкурал" мамлекеттик ишканасынын (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2009-жылдын 30-июлундагы № 486 токтомуна…Устав · 30.07.2009 · № 486 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-октябрындагы № 637 "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу "Аскердик соода башкармалыгы" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө"…Постановление · 02.10.2017 · № 637 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 400 "Коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга караштуу "Кыргызкурал" мамлекеттик ишканасынын…Постановление · 29.07.2022 · № 400 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25 ноябры № 639 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-сентябрындагы № 600 “Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин алдындагы “Аскер…Постановление · 25.11.2013 · № 639 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (9)
- КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 24-декабрындагы № 342 "Коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга караштуу мамлекеттик ишканалардын маселелери жөнүндө"…Постановление · 24.12.2021 · № 342
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндөКонституционный закон · 11.10.2021 · № 122
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 27.04.2016 · № 217
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-сентябырындагы № 600 "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин алдындагы "Аскер курулуш" мамлекеттик ишканасы жөнүндө" токтомуПостановление · 19.09.2009 · № 600 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 2-октябрындагы № 637 "Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине караштуу "Аскердик соода башкармалыгы" мамлекеттик ишканасынын уставын бекитүү жөнүндө"…Постановление · 02.10.2017 · № 637 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 30-июлундагы №486 " Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин алдындагы «Кыргызкурал» мамлекеттик ишканасын түзүү жөнүндө" токтомуПостановление · 30.07.2009 · № 486 · Күчүн жоготкон
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 29-июлундагы № 400 "Коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга караштуу "Кыргызкурал" мамлекеттик ишканасынын…Постановление · 29.07.2022 · № 400 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 25 ноябры № 639 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-сентябрындагы № 600 “Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин алдындагы “Аскер…Постановление · 25.11.2013 · № 639 · Күчүн жоготкон
9 ичинен 8 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15