Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Окмотунун «Кыргызгаз» ачык акционердик коомунун мамлекеттик заемдук каражаттар боюнча карызын кайтаруусунун шарттарын өзгөртүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ 2009-жылдын 12-сентябры № 575
"Кыргызгаз" ачык акционердик коомунун мамлекеттик заемдук каражаттар боюнча карызын кайтаруусунун шарттарын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-июнундагы № 258 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан рекредиттелген бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк кредиттерге карата заемдук каражаттарды кайтаруунун шарттарын өзгөртүү боюнча сунуштарды кароо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргызгаз" ачык акционердик коомунун мамлекеттик заемдук каражаттар боюнча 2009-жылдын 1-июлуна карата карыздарын кайтаруусунун шарттары өзгөртүлсүн:
2009-жылдын 18-февралындагы № 8-000/14 карыз милдеттенмеси боюнча 200,0 млн (эки жүз миллион) сом суммасындагы негизги карыз, 4763,61 миң (төрт миллион жети жүз алтымыш үч миң алты жүз он) сом суммасында эсептелген проценттер жана айып санкциялар; 2007-жылдын 20-декабрындагы № 8-000/258 карыз милдеттенмесине карата 2008-жылдын 25-сентябрындагы № 8-000/643с карыз милдеттенмеси боюнча 8386,42 миң (сегиз миллион үч жүз сексен алты миң төрт жүз жыйырма) АКШ доллары суммасындагы негизги карыз, 155,46 миң (жүз элүү беш миң төрт жүз алтымыш) АКШ доллары суммасындагы эсептелген проценттер жана айып санкциялар.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин алдындагы Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фонду "Кыргызгаз" ачык акционердик коомунун мамлекеттик заемдук каражаттар боюнча карыздарын кайтаруусунун шарттарын төмөнкүдөй шарттарда өзгөртүү боюнча тиешелүү кредиттик-күрөөлүк документтерди белгиленген тартипте тариздесин:
- бул токтом жарыяланган күндөн баштап бирдей төлөм менен төлөө аркылуу негизги карыз боюнча карызды тындыруунун мөөнөтүн 2015-жылдын 31-декабрына чейин белгилөө;
- мурда эсептелген проценттерди жана айып санкцияларын капиталдаштыруу, мында карызды тындыруу проценттерди эсептөөсүз негизги сумма менен кошо бир убакта жүргүзүлөт;
- проценттик ставкалардын жана айып санкцияларынын өлчөмдөрүн мурда түзүлгөн карыз милдеттенмелерине ылайык сактоо.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2009-жылга республикалык бюджети жана 2010-2011-жылдарга божомолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна белгиленген тартипте киргизсин.
4. "Кыргызгаз" ААКына жогоруда аталган кредиттик каражаттарды эсептелген проценттери менен кошо карызды тындыруунун графигине ылайык кайтарып берүү сунушталсын.
5. Бул токтом кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын энергетика жана минералдык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 2
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-июнундагы №258 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан рекредиттелген бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк кредиттерге карата…Постановление · 02.06.2008 · № 258 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КРЗакон · 21.01.2009 · № 12
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнун 2008-жылдын 2-июнундагы №258 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан рекредиттелген бюджеттик ссудалар жана чет өлкөлүк кредиттерге карата…Положение · 02.06.2008 · № 258