Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн « «2008-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында суу чарба объекттерин куруу жана жаңы сугат жерлерин өздөштүрүү программасын бекитүү жөнүндө» токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства от 28 марта 2016 года № 151 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2016-03-28.
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы N 151 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2007-жылдын 14-декабры № 593 «2008-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында суу чарба объекттерин куруу жана жаңы сугат жерлерин өздөштүрүү программасын бекитүү жөнүндө» токтомуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 27-августундагы № 544 токтому Айыл калкынын социалдык маселелерин чечүү, сугат дыйканчылыгын өнүктүрүү жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы ирригациялык объекттерди курууну кайра жаңыртуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкметүнүн 2007-жылдын 14-декабрындагы № 593 «2008-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында суу чарба объекттерин куруу жана жаңы сугат жерлерин өздөштүрүү программасын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
- көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген, 2008-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында суу чарба объекттерин куруу жана жаңы сугат жерлерди өздөштүрүү программасы төмөнкүдөй мазмундагы 15-глава менен толукталсын:
«15. Ош облусунун Чоң-Алай районунун «Шибе-Жекенди» каналынын курулушу. Каналдын жалпы узундугу - 7,4 км түзөт;
- жеткирүүчү жер каналынын узундугу - 1,0 км;
- басымы күчтүү түтүктүн (дюкердин) узундугу - 2,0 км;
- суу буруучу жер каналынын узундугу - 4,4 км.
Каналды куруунун жалпы наркы - 123,2 млн.сом, долбоорлоо процессинде такталат. Мындай чарбалык ички каналды куруу 426 га сугат жерлеринин (СЖ), 500 га жаңы жерлердин жана 102 га короо-жай участокторунун суу менен камсыз болушун жогорулатууга мүмкүндүк берет.»; 2008-2010-жылдарда Кыргыз Республикасынын суу чарба объекттерин куруу жана жаңы сугат жерлерин өздөштүрүү программасына киргизилген, аталган токтом менен бекитилген объекттердин тизмеси төмөнкүдөй мазмундагы 15-пункт менен толукталсын:
15
Ош облусунун Чоң-Алай районунун «Шибе-Жекенди» каналынын курулушу
Жаңы курулуш
462га СЖ, 500га жаңы сугат жер, 102га короо-жай участоктору
123,2
123,2
31,2
92,0
«Жыйынтыгы» бөлүмчөсүндө:
- «Бүткөрүү үчүн талап кылынган сумма (млн.сом)» деген графачадагы «3174» деген сандар «3420,4» деген сандарга алмаштырылсын; - «Бардыгы 2008-2010» графачадагы «1309» деген сандар «1432,2» деген сандарга алмаштырылсын;
- «2009» графачадагы «459» деген сандар «490,2» деген сандарга алмаштырылсын;
- «2010» графачадагы «520» деген сандар «612» деген сандарга алмаштырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөржай министрлиги менен бирдикте жогоруда аталган программага киргизилген өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алсын.
3. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы № 151 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"Постановление · 28.03.2016 · № 151
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 28-мартындагы № 151 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"Постановление · 28.03.2016 · № 151
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 14-декабрындагы № 593 "2008-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында суу чарба объекттерин куруу жана жаңы сугат жерлерин өздөштүрүү…Постановление · 14.12.2007 · № 593 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 14-декабрындагы № 593 токтому менен бекитилген) 2008-2010-жылдарга Кыргыз Республикасында суу чарба объекттерин куруу жана жаңы…Постановление · 14.12.2007 · № 593 · Күчүн жоготкон