Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 7-апрелиндеги „Улуттук домендик аталыштар системасынын иштешин уюштуруу жөнүндө“ Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 17 декабря 2010 года №328 "О ликвидации Центра администрирования доменной зоны "KG" при Государственной службе интеллектуальной собственности Кыргызской Республики» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2010-12-17.
КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-декабрындагы №328 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ
2009-жылдын 29-июлу №483 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 7-апрелиндеги "Улуттук домендик аталыштар системасынын иштешин уюштуруу жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 7-апрелиндеги "Улуттук домендик аталыштар системасынын иштешин уюштуруу жөнүндө" Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын алдындагы "KG" домендик зонасын администрациялоо борбору түзүлсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын алдындагы "KG" домендик зонасын администрациялоо борборунун кызматкерлеринин штаттык саны Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын борбордук аппаратынын штаттык санын кыскартуунун эсебинен 11 адам санында белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын алдындагы "КG" домендик зонасын тескөө борборун каржылоо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын каражаттарынын эсебинен жүргүзүлсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 17-августундагы №340 "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын маселелери" жөнүндө токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматы жөнүндө жобого төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
- 1-пункттун биринчи абзацы "интеллектуалдык менчикти коргоо жагында мамлекеттик бирдиктүү саясатты" деген сөздөрдөн кийин ", биринчи деңгээлдеги "KG" домендик аталышты администрациялоону жүзөгө ашырат" деген сөздөр менен толукталсын;
- 4-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- "KG" домендик зонасын администрациялоо";
- 5-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
- "KG" домендик зонасында катталган домендик аталыштарды тейлөө";
- 6-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- "KG" улуттук домендик зонасында домендик аталыштарды каттоо жана тейлөө боюнча субподряддык келишимдерди түзүү".
5. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматы эки айлык мөөнөттө:
- "KG" домендик зонасын администрациялоо борбору жөнүндө жобонун долбоорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө киргизсин;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган чечимдерин бул токтомго ылайык келтирүү боюнча сунуштарды киргизсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматы жөнүндө Жобо" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 17-августундагы № 340 токтому менен бекитилдиПоложение · 17.08.2007 · № 340
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-декабрындагы №328 "Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматына караштуу "KG" домендик аймагын башкаруу борборун жоюу жөнүндө"…Постановление · 17.12.2010 · № 328
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 17-декабрындагы №328 "Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматына караштуу "KG" домендик аймагын башкаруу борборун жоюу жөнүндө"…Постановление · 17.12.2010 · № 328
- КР Президентинин 2009-жылдын 7-апрелиндеги ПЖ № 192 "Улуттук домендик аталыштар системасынын иштешин уюштуруу жөнүндө"жарлыгыУказ · 07.04.2009 · № 192
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 17-августундагы № 340"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын маселелери жөнүндө" ТоктомуПостановление · 17.08.2007 · № 340 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.