Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 192 «Улуттук домендик аталыштар системасынын иштешин уюштуруу жөнүндө»жарлыгы
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИ ЖАРЛЫК 2009-жылдын 7-апрели ПЖ № 192 Улуттук домендик аталыштар системасынын иштешин уюштуруу жөнүндө Өлкөнүн кодун билдирген "KG" жогорку деңгээлдеги домени улуттук ресурс болуп саналгандыгын эске алып жана улуттук домендик аталыштардын системасынын иштешин уюштуруу максатында ТОКТОМ КЫЛАМ:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматы "KG" домендик аталышын тескеген орган болуп санала тургандыгы максатка ылайыктуу деп эсептелсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бир айлык мөөнөттө белгиленген тартипте:
- "KG" жогорку деңгээлдеги домендик аталышты тескөөнү өткөрүп берүү боюнча иш-чаралардын планын даярдасын;
- ушул Жарлыктан келип чыккан ченемдик укуктук актылардын тийиштүү долбоорлорун иштеп чыксын жана киргизсин.
3. Бул Жарлыктын аткарылышына контролдук кылуу милдети Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын экономикалык жана социалдык саясат жана укук саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
4. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
К. Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 0 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Президентинин 2010-жылдын 8-декабрындагы № 300 "Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Президентинин…Указ · 08.12.2010 · № 300
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-июлундагы №483 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2009-жылдын 7-апрелиндеги "Улуттук домендик аталыштар системасынын иштешин уюштуруу жөнүндө"…Постановление · 29.07.2009 · № 483 · Күчүн жоготкон