Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Ипотекалык кредиттөө шарттарында Бишкек шаарынын „Жал“ турак жай конушунун № 29 кичи районундагы № 26, 27, 28а, 286, 29а, 296 көп квартиралуу турак үйлөрдү эксперименттик долбоорлоо, куруу жана субсидиялоо жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 14 января 2022 года № 9 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2009-07-22.
(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 22-июлу № 467 Ипотекалык кредиттөө шарттарында Бишкек шаарынын "Жал" турак жай конушунун № 29 кичи районундагы № 26, 27, 28а, 286, 29а, 296 көп квартиралуу турак үйлөрдү эксперименттик долбоорлоо, куруу жана субсидиялоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 26-ноябрындагы №562 "Кыргыз Республикасында турак жай курулушунун 2008-2010-жылдарга карата улуттук программасын бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында турак жай курулушунун 2008-2010-жылдарга карата улуттук программасын ишке ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик субсидияларды пайдалануу менен ипотекалык кредиттөө шарттарында Бишкек шаарынын "Жал" турак жай конушунун № 29 кичи районундагы № 26, 27, 28а, 286, 29а, 296 курулуп жаткан эксперименттик турак үйлөрдөн квартира укугун алуунун шарттары жана эрежелери жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.
2. Бишкек шаарынын "Жал" турак жай конушунун № 29 кичи районундагы № 26, 27, 28а, 286, 29а, 296 көп квартиралуу турак үйлөрдү долбоорлоо жана куруу, жаратылыш ресурстарын пайдалануу эсебинен жылытуу системасынын альтернативалык булактарын киргизүүнү эске алуу менен эксперименттик долбоор деп эсептелсин.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги баштапкы мүчөлүк акыны жана коммерциялык банктын ипотекалык кредити боюнча проценттик ставканы субсидиялоо үчүн тийиштүү каражаттарды караштырсын.
4. Төмөнкүлөр аныкталсын:
- көрсөтүлгөн турак үйлөрдү долбоорлоо жана куруу боюнча ыйгарым укук берилген мамлекеттик орган - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиги;
- турак үйлөрдү куруу боюнча техникалык заказчы - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин Турак жай-жарандык курулуш башкармалыгы.
5. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясат бөлүмүнө жана курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-июлундагы №467 "Мамлекеттик субсидияларды пайдалануу менен ипотекалык кредиттөө шарттарында Бишкек шаарынын "Жал" турак жай конушунун № 29 кичи…Постановление · 22.07.2009 · № 467
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
Шилтеме берет (2)
- КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 14.01.2022 · № 9
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 26-ноябрындагы № 562"Кыргыз Республикасында турак жай курулушунун 2008-2010-жылдарга карата улуттук программасын бекитүү жөнүндө"…Постановление · 26.11.2007 · № 562 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- "Кыргыз Республикасында турак жай курулушунун 2008-2010-жылдарга карата УЛУТТУК ПРОГРАММАСЫ" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 26-ноябрындагы № 562 токтому менен…Программа · 26.11.2007 · № 562 · Күчүн жоготкон