Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Президентинин ПЖ № 172 «Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 26-сентябрындагы «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мам»лекеттик башкаруу академиясы жөнүндө» Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 24 ноября 2025 года УП № 327 "Об Академии государственного управления при Президенте Кыргызской Республики имени Жусупа Абдрахманова"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-11-24.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 24-ноябрындагы ПЖ № 327 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2018-жылдын 18-августу ПЖ № 172 Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 26-сентябрындагы "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 2-июлундагы № 147 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы жөнүндө" Жарлыгынын 1-2-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-беренесин жетекчиликке алып токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 26-сентябрындагы № 206 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган Жарлык менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын Уставында:
1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы (мындан ары - Академия) өзүнүн уюштуруучулук-укуктук формасы боюнча мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу жагында мамлекеттик билим берүүчү, окуу-усулдук, илимий жана маалыматтык-талдоочу мекеме болуп саналат."; 2-пункт "Кыргыз Республикасынын Президентинин," деген сөздөрдөн кийин "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын (мындан ары - МКК)," деген сөздөр менен толукталсын; 3-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "3. Академия Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан түзүлгөн юридикалык жак болуп саналат жана МККнын карамагында турат. Академиянын оперативдүү башкаруу укугунда ага бекитип берилген мүлкү, өз алдынча балансы жана сметасы, банк жана башка финансы мекемелеринде алыш-бериш жана башка эсептери, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик герби түшүрүлгөн жана аталышы мамлекеттик, расмий жана англис тилдеринде жазылган мөөрү, штамптары жана бланктары болот."; 5-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "5. Академия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, "Билим берүү жөнүндө", "Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралу" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жана башка Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди, МККнын чечимдерин жана ушул Уставды жетекчиликке алат."; 10-пунктта: 2-3-пунктчалар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2) мамлекеттик жана муниципалдык башкаруунун адистерин кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу;
3) мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды кайра даярдоонун жана квалификациясын жогорулатуунун мамлекеттик заказын жана башка пландарын уюштуруу жана жүзөгө ашыруу, анын ичинде өткөрүлгөн окутуунун натыйжалуулугун контролдоону жана мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылуу;";
төмөнкүдөй мазмундагы 11-13-пунктчалар менен толукталсын: "11) даярдоонун, кайра даярдоонун жана квалификациясын жогорулатуунун дистанттык системасын уюштуруу, жүзөгө ашыруу;
12) мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу чөйрөсүндө иш-чараларды, анын ичинде конференцияларды, семинарларды, тегерек столдорду уюштуруу;
13) илимий-усулдук камсыздоо.";
15-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "15. Академиянын башкаруу органдары болуп: өз ыйгарым укуктарын ушул Уставга ылайык жүргүзгөн Кыргыз Республикасынын Президенти - Академиянын уюштуруучусу, МКК, Академиянын ректору, Камкордук Кеңеши, Илимий Кеңеш саналат."; төмөнкүдөй мазмундагы 16-1-пункт менен толукталсын: "16-1. МКК мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу чөйрөсүндө Академияны башкаруунун координациялоочу органы болуп саналат."; 17-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "17. Ректор Академиянын жетекчиси болуп саналат, ал МККнын директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан дайындалат."; 18-пунктта: 2-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "2) Академиянын проректорунун жана Академиянын проректору рангындагы Администрациялоонун жогорку мектебинин директорунун кызмат орундарына дайындоо үчүн талапкерлерди жана аларды бул кызмат орундарынан бошотууну МККнын директорунун макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисине сунуштайт;"; 3-пунктча күчүн жоготту деп таанылсын; 7-пунктчада "өз алдынча" деген сөздөр алып салынсын; 14-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "14) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат маселелери компетенциясына кирген Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын түзүмдүк бөлүмүнүн жана МККнын директорунун макулдугу менен мыйзамда белгиленген тартипте аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрдү жана уюмдарды түзүү, кайра уюштуруу, жоюу жөнүндө сунушту киргизет, алар жөнүндө жоболорду бекитет;"; 21-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "21. Академиянын проректору жана Академиянын проректору рангындагы Администрациялоонун жогорку мектебинин директору МККнын директору менен макулдашуу боюнча Академиянын ректорунун сунушу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси тарабынан Академия менен түзүлгөн мөөнөттүү эмгектик келишимдин шартында дайындалат жана бошотулат."; 25-пункттун экинчи сүйлөмү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "Камкордук Кеңешинин курамы ректордун сунушу боюнча МККнын директорунун макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнөн, Академиянын, коомдук жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнөн түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин буйругу менен бекитилет."; 27-пункт төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын: "Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарды окутуу маселелери милдеттүү тартипте МКК менен макулдашылат."; 35-пункттун үчүнчү сүйлөмү алып салынсын; 38-пункттун 2-пунктчасында "уюштуруучулардын" деген сөз "уюштуруучунун" деген сөз менен алмаштырылсын; 40-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "40. Ушул Уставга өзгөртүүлөрдү киргизүү МККнын макулдугу менен Академиянын сунуштарынын негизинде Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жүргүзүлөт.".
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Ш. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 3
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 24-ноябрындагы ПЖ № 327 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы…Указ · 24.11.2025 · № 327
- Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын Уставы(КР Президентинин 2012-жылдын 26-сентябрындагы №206 Жарлыгы менен бекитилген)Устав · 26.09.2012 · № 206 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.2021
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 24-ноябрындагы ПЖ № 327 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы…Указ · 24.11.2025 · № 327
- КР Президентинин 2012-жылдын 26-сентябрындагы ПЖ №206 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы жөнүндө" жарлыгыУказ · 26.09.2012 · № 206 · Күчүн жоготкон
- КР Президентинин 2018-жылдын 2-июлундагы ПЖ № 147 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы жөнүндө" жарлыгыУказ · 02.07.2018 · № 147 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (3)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Билим берүү жөнүндөЗакон · 30.04.2003 · № 92 · Күчүн жоготкон
- Илим жөнүндө жана мамлекеттик илимий-техникалык саясаттын негиздери тууралууЗакон · 16.06.2017 · № 103 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон