Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Президентинин ПЖ № 147 «Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы жөнүндө» жарлыгы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Указ Президента КР от 24 ноября 2025 года УП № 327 "Об Академии государственного управления при Президенте Кыргызской Республики имени Жусупа Абдрахманова"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2025-11-24.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 24-ноябрындагы ПЖ № 327 Жарлыгына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2018-жылдын 2-июлу ПЖ № 147 Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы жөнүндө
Мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында кадрдык потенциалды жогорулатуунун бирдиктүү системасын мындан ары өркүндөтүү, ошондой эле квалификациялуу кадрларга болгон реалдуу муктаждыктарды эске алуу менен мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларды окутуу процессине практикалык багыт берүү максатында токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматынын карамагына өткөрүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы менен бирдикте он беш жумушчу күндүн ичинде ушул Жарлыктын 1-пунктун аткаруу үчүн зарыл болгон ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын кароосуна киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирсин.
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмүнө жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Президенти
С.Ш. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 24-ноябрындагы ПЖ № 327 "Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы…Указ · 24.11.2025 · № 327
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылдын 18-августундагы ПЖ № 172 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 26-сентябрындагы "Кыргыз Республикасынын Президентине…Указ · 18.08.2018 · № 172 · Күчүн жоготкон