КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын «Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө» Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2009-06-05.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 5-июну № 353 "Кыргыз Республикасынын "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Кыргыз Республикасынын "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.
2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри ушул мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан каралган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
И.Чудинов
Долбоор
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
Кыргыз Республикасынын "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
Кыргыз Республикасынын "Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндө" Мыйзамына ("Эркин Тоо" гезити, 2009-жылдын 20-январы, № 4) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 12-берененин үчүнчү абзацында "энергетикалык компаниялар тарабынан энергияга карата белгиленген жалпы улуттук тарифке" деген сөздөр "акыркы керектөөчүлөргө белгиленүүчү энергиянын тиешелүү тарифтерине" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
2. 14-берененин үчүнчү абзацында "каржыланган" деген сөз "каржылануучу" деген сөз менен алмаштырылсын.
3. 17-берененин биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда берилсин:
"Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч айдан кийин күчүнө кирет.".
2-берене.
Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч айдан кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Энергиянын кайра жаралуучу булактары жөнүндөЗакон · 31.12.2008 · № 283 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон