Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-ноябрындагы № 606 „Кыргыз Республикасында жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин пайдалануу үчүн акы алуунун жана колдонуунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу“ токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 13 июня 2011 года № 306 "Об утверждении Положения о порядке взимания и использования платы за специальное пользование объектами животного мира и пользование объектами растительного мира по специальному разрешению в Кыргызской Республике"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-06-13.
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-июнундагы № 306 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 3-июну № 347 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-ноябрындагы № 606 "Кыргыз Республикасында жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин пайдалануу үчүн акы алуунун жана колдонуунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө "Кыргыз Республикасында жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин пайдалануу үчүн акы төлөөнүн ставкалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-статьясына ылайык, Кыргыз Республикасынын жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн биологиялык ар түрдүүлүгүн сактоо, ошондой эле аңчылык чарба жүргүзүүнү өркүндөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-ноябрындагы № 606 "Кыргыз Республикасында жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин пайдалануу үчүн акы алуунун жана колдонуунун тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин пайдалануу үчүн акы алуунун жана колдонуунун тартиби жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:
- II бөлүмдүн 3-пунктунда:
экинчи абзацта "1%" деген цифра жана белги "5 пайыз" деген цифра жана сөз менен алмаштырылсын; үчүнчү абзац алып салынсын; төртүнчү абзац төмөнкүдөй редакцияда берилсин: " - иш жүзүндө атып алынган жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттери үчүн акынын белгиленген ставкасынын калган 95 пайыз өлчөмүндөгү суммасы, атып алынган жапайы жаныбарларды (олжону) тышка алып чыгууга уруксат алууда, аларды атып алган учурдан тартып бир айдан кечиктирбестен төлөнөт.";
- III бөлүмдө:
2-пунктта:
- биринчи абзац "чет өлкөлүк аңчылар" деген сөздөрдөн мурда "Ушул бөлүмдүн 3-пунктунда көрсөтүлгөн учурлардан тышкары," деген сөздөр менен толукталсын;
- экинчи, үчүнчү, төртүнчү жана бешинчи абзацтарда "%" белгиси "пайыз" деген сөз менен алмаштырылсын;
- үчүнчү абзацта "кайтарылып берилет" деген сөздөр "жиберилет" деген сөз менен алмашылсын;
төмөнкүдөй мазмундагы 3-пункт менен толукталсын: "3. Аңчылыкты пайдалануучулардын чет өлкөлүк аңчылар менен турларды өткөрүүдө жаныбарлар дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин пайдалануу үчүн акынын суммасы төмөнкүдөй түрдө бөлүштүрүлөт:
- 65 пайызы жаратылыш ресурстарын сактоо жана көбөйтүү боюнча иш өндүрүшүнө (биотехникалык иш-чараларды жүргүзүү, зыяндуу жаныбарлардын жана башкалардын санын жөнгө салуу) жана материалдык-техникалык базаны чыңдоого, ошондой эле мамлекеттик аңчылык чарбалардын ишине байланыштуу башка сарптоолорго жумшоо үчүн мамлекеттик аңчылыкты пайдалануучулардын тескөөсүндө калат;
- 20 пайызы аймагында чет өлкөлүк аңчылар үчүн аңчылык турлар өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү бюджетине Жаратылышты коргоо жана токой чарбасын өнүктүрүүнүн республикалык фонду аркылуу жиберилет;
- 15 пайызы (жапайы жаныбарларды атып алууга уруксат алууда 5 пайыз өлчөмүндө алдын ала төлөнгөн сумманы эске алуу менен) жаратылышты коргоо иш-чараларын жүзөгө ашыруу үчүн Жаратылышты коргоо жана токой чарбасын өнүктүрүүнүн республикалык фондунун карамагында калат.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттикке жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-ноябрындагы № 606 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин…Положение · 05.11.2008 · № 606
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-июнундагы № 306 "Кыргыз Республикасында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдалануу жана атайын уруксат боюнча өсүмдүктөр дүйнөсүнүн…Постановление · 13.06.2011 · № 306 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-ноябрындагы №606 "Кыргыз Республикасында жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин пайдалануу үчүн акы алуунун…Постановление · 05.11.2008 · № 606 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-июнундагы № 306 "Кыргыз Республикасында жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттерин атайын пайдалануу жана атайын уруксат боюнча өсүмдүктөр дүйнөсүнүн…Постановление · 13.06.2011 · № 306 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасында жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин пайдалануу үчүн акы төлөөнүн ставкалары жөнүндөЗакон · 11.08.2008 · № 200 · Күчүн жоготкон