Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасында жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин пайдалануу үчүн акы алуунун жана колдонуунун тартиби жөнүндө» жобосу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2008-жылдын 5-ноябрындагы
№ 606 токтому менен
бекитилген
Кыргыз Республикасында жаныбарлар жана өсүмдүктөр
дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин пайдалануу үчүн
акы алуунун жана колдонуунун тартиби жөнүндө
ЖОБО
(2009-жылдын 3-июнундагы №347 токтомунун редакциясына ылайык)
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасында жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн
жаратылыш объекттерин пайдалануу үчүн акы алуунун жана колдонуунун тар-
тиби жөнүндө бул Жобо (мындан ары - Жобо) "Кыргыз Республикасында жаны-
барлар жана өсүмдүк дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин пайдалануу үчүн
акы төлөнүүнүн ставкалары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жа-
на жаратылыш пайдаланууга акы төлөөнү жөнгө салуучу нормативдик укуктук
актыларга ылайык иштелип чыккан. Жобо Кыргыз Республикасында жаныбарлар
жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин (токойлордон тышкары)
пайдалануу үчүн акы алуунун жана колдонуунун тартибин белгилейт.
2. Жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин
пайдалануу үчүн акы жаратылыш ресурстарынын пайдалануучулары болуп са-
налган юридикалык жана жеке жактардан айлана-чөйрөнү коргоо тармагында-
гы атайын ыйгарым укуктуу орган тарабынан алынат.
II. Жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылыш
объекттерин пайдалануу үчүн акы алуунун тартиби
1. Жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин
пайдалануу үчүн акы "Кыргыз Республикасында жаныбарлар жана өсүмдүк
дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин пайдалануу үчүн акы төлөнүүнүн ставка-
лары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген ставкалар-
дын өлчөмүндө жүргүзүлөт.
2. Жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин
пайдалануу үчүн белгиленген акы алууга негиз айлана-чөйрөнү коргоо жана
токой чарбасы жагындагы атайын ыйгарым укуктуу орган берген уруксат жа-
на жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин иш жүзүндө колдо-
нуу жөнүндө маалымат болуп саналат.
3. Ањчылык турларын өткөрүүдө чет өлкөлүк жарандар тарабынан алы-
нуучу жаныбарлар дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин пайдалануу үчүн акы
төмөнкүдөй эки этапта ишке ашырылат:
- жапайы жаныбарларды кармоого уруксат алууда пайдалануунун бүткүл
уруксат берилген көлөмү үчүн белгиленген ставканын 5 пайыз өлчөмүндө
Кошулган сумма жаратылышты пайдалануучуга кайтарылып берилбейт;
- иш жүзүндө атып алынган жаныбарлар дүйнөсүнүн объекттери үчүн акы-
нын белгиленген ставкасынын калган 95 пайыз өлчөмүндөгү суммасы, атып
алынган жапайы жаныбарларды (олжону) тышка алып чыгууга уруксат алууда,
аларды атып алган учурдан тартып бир айдан кечиктирбестен төлөнөт.
(2009-жылдын 3-июнундагы №347 токтомунун редакциясына ылайык)
4. Жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылыш объекттеринин
башка түрлөрүн пайдаланууда жаратылыш пайдалануучулар тиешелүү уруксат
документин алууда пайдалануунун бүткүл уруксат берилген көлөмү үчүн
белгиленген акыны толук көлөмүндө (кайтарымсыз) төгүп беришет.
5. Жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин
пайдалануу үчүн акы "Кыргыз Республикасында жаратылышты коргоонун жер-
гиликтүү жана республикалык фонддору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Президентинин 1992-жылдын 21-июлундагы Жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү
тууралуу" Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 17-майындагы
N 263 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап
турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин
Жаратылышты коргоо жана токой чарбасын өнүктүрүүнүн республикалык фон-
дунун эсебине түшөт.
III. Жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылыш
объекттерин пайдалануу үчүн акыны колдонуунун тартиби
1. Жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин
пайдалануу үчүн алынган акча каражаты жаныбарлар жана өсүмдүктөр
дүйнөсүнүн объекттерин эсепке алуу, алардын абалына мониторинг жүргүзүү
жана санын (сапатын) өзгөртүү, жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн
объекттерине илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, аларды коргоо жана көбөйтүү,
зыяндуу жана коркунучтуу жаныбарлардын санын жөнгө салуу, материал-
дык-техникалык базаны чыњдоо жана жаратылышты пайдалануу жагындагы мам-
лекеттик башкаруу органдарынын ишмердигине байланыштуу башка чыгымдар
боюнча иштерди каржылоого жумшалат.
2. Ушул бөлүмдүн 3-пунктунда көрсөтүлгөн учурлардан тышкары, Чет
өлкөлүк ањчылар менен ањчылык турларды өткөрүүдө жаныбарлар дүйнөсүнүн
жаратылыш объекттерин пайдалануу үчүн акынын суммасы төмөнкүдөй
түрдө бөлүштүрүлөт:
- 20 пайыз аймагында чет өлкөлүк ањчылар үчүн ањчылык турлары
өткөрүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү
бюджеттерине которулат;
- 35 пайыз иштелип чыккан пландарга жана сметаларга ылайык жаратылыш
ресурстарын сактоо жана көбөйтүү боюнча (биотехникалык иш-чараларды
жүргүзүү, зыяндуу жаныбарлардын жана башкалардын санын жөнгө салуу) иш-
терди тењ каржылоо максатында ањчылык турлары бүткөн күндөн тартып эки
айдан кечиктирилбестен ањчылыкты пайдалануучуларга кайтарылып берилет;
- 30 пайыз Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган
чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин алдын-
дагы Ањчылык көзөмөлү жана ањчылык ресурстарынын санын жөнгө салуу де-
партаментинин ишмердигине байланышкан башка чыгымдарга жана материал-
дык-техникалык базасын чыњдоого, алар тарабынан биотехникалык иш-чара-
ларды жүргүзүүгө жана зыяндуу жаныбарлардын санын жөнгө салууга жумша-
лат;
- 15 пайыз жаратылышты коргоо иш-чараларын жүзөгө ашыруу үчүн Жараты-
лышты коргоо жана токой чарбасын өнүктүрүүнүн республикалык фондунун
карамагында калат.
3. Аңчылыкты пайдалануучулардын чет өлкөлүк аңчылар менен турларды
өткөрүүдө жаныбарлар дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин пайдалануу үчүн акынын суммасы төмөнкүдөй түрдө бөлүштүрүлөт:
- 65 пайызы жаратылыш ресурстарын сактоо жана көбөйтүү боюнча иш өн-
дүрүшүнө (биотехникалык иш-чараларды жүргүзүү, зыяндуу жаныбарлардын жана башкалардын санын жөнгө салуу) жана материалдык-техникалык базаны чыңдоо- го, ошондой эле мамлекеттик аңчылык чарбалардын ишине байланыштуу башка сарптоолорго жумшоо үчүн мамлекеттик аңчылыкты пайдалануучулардын тескөө- сүндө калат;
- 20 пайызы аймагында чет өлкөлүк аңчылар үчүн аңчылык турлар өткөрүл-
гөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жергиликтүү бюджетине Жа- ратылышты коргоо жана токой чарбасын өнүктүрүүнүн республикалык фонду ар- кылуу жиберилет;
- 15 пайызы (жапайы жаныбарларды атып алууга уруксат алууда 5 пайыз
өлчөмүндө алдын ала төлөнгөн сумманы эске алуу менен) жаратылышты коргоо иш-чараларын жүзөгө ашыруу үчүн Жаратылышты коргоо жана токой чарбасын өнүктүрүүнүн республикалык фондунун карамагында калат. (2009-жылдын 3-июнундагы №347 токтомунун редакциясына ылайык)
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 5-ноябрындагы №606 "Кыргыз Республикасында жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин пайдалануу үчүн акы алуунун…Постановление · 05.11.2008 · № 606 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасында жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүнүн жаратылыш объекттерин пайдалануу үчүн акы төлөөнүн ставкалары жөнүндөЗакон · 11.08.2008 · № 200 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 6-июнундагы №288 "Өсүмдүктөр дүйнөсүнүн объекттерин (анын ичинде илимий максаттарда) алып коюуга атайын уруксат берүү тартиби жөнүндө жобону жана Кыргыз…Постановление · 06.06.2011 · № 288 · Күчүн жоготкон