48-статья. Жактоочунун укуктары жана милдеттери
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 6-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 13 марта 2003 года №61
48-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 48-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
(1) Юридикалык жардам көрсөтүү менен адвокат сот ишинин жүрүшүнө тараптардын далил тартыштык жана тең укуктуулук башталыштарынын негизинде жактоочу же башка өкүл катары катышат. (2) Жактоочу шектүүнүн, айыпкердин соттолуучунун жоопкерчилигин жеңилдетүүчү далилдерди табуу жана сунуш кылуу максатында мыйзамда көрсөтүлгөн бардык коргоо каражаттарын жана ыкмаларын пайдаланууга жана аларга зарыл болгон юридикалык жардамды көрсөтүүгө тийиш. (3) Ишке катышкан учурдан тартып жактоочу:
1) шектүүгө, айыпкерге, соттолуучуга, күбөгө, пайда келтире турган материалдарды жеке өзү же жекече детективди пайдалануу менен жыйноого;
2) күбөлөрдөн жазуу жүзүндө арыз жана түшүнүк алууга, окуя болгон жерди карап чыгуунун жекече протоколдорун түзүүгө;
3) тергөөдө жана сотто далил келтирүүгө;
4) айып коюлтан учурда ага катышууга;
5) шектүүнү, айыпкерди, күбөнү, соттолуучуну суракка алууга, ошондой эле алардын катышуусу менен же алардын өтүнүчү боюнча жүргүзүлүүчү башка тергөө аракеттерине жана адвокаттын өзүнүн өтүнүчү боюнча жүргүзүлүүчү тергөө аракеттерине катышууга;
6) шектүү, айыпкер, соттолуучу менен санына жана узактыгына чек койбостон жекеме-жеке жолугушууга;
7) кармоо протоколу, бөгөт коюу чараларын колдонуу жөнүндө токтом, шектүүнүн, айыпкердин же жактоочунун өзүнүн катышуусу менен жүргүзүлгөн тергөө аракеттеринин протоколдору, шектүүгө, айыпкерге, соттолуучуга берилген же берилүүгө тийиш болгон документтер менен, ал эми тергөө бүткөндөн кийин - иштин бардык материалдары менен таанышууга;
8) иштин материалдарынан көчүрмө алууга, алардан керек болгон маалыматтарды жазып алууга;
9) өтүнүч билдирүүгө;
10) сотко катышууга;
11) баш тартуу билдирүүгө;
12) алгачкы текшерүү органдарынын кызматкерлеринин аракеттерине, тергөөчүнүн, прокурордун жана соттун аракеттерине жана чечимдерине даттанууга жана алардын каралышына катышууга;
13) актоонун мыйзамга каршы келбеген башка ар кандай каражаттарын жана ыкмаларын пайдаланууга укуктуу.
(4) Тергөө аракеттерин жүргүзүү учурунда катышкан жактоочу тергөөчүнүн уруксаты менен суракка алынып жаткан адамдарга суроо берүүгө укуктуу. Тергөөчү жактоочунун суроолорун четке кагышы мүмкүн, бирок ал суроолорду протоколго түшүрүүгө милдеттүү. Тергөө аракетинин протоколундагы жазуулардын тууралыгына жана толуктугуна байланыштуу жактоочу өзүнүн жазуу жүзүндөгү сын-пикирлерин киргизүүгө укуктуу. (5) Адвокат шектүүнү, айыпкерди, соттолуучуну актайм деген өз убадасынан баш тартууга укуксуз. (6) Жактоочу өзү коргоп жаткан адамдын кызыкчылыгына каршы кандайдыр-бир аракеттерди жасоого, актоого жана башка юридикалык жардам көрсөтүүгө байланыштуу өзүнө айтылган маалыматтарды ачыкка чыгарууга укуксуз. (7) Жактоочу жыйнаган материалдар анын талабы боюнча ишке милдеттүү түрдө тиркелет. Бул материалдар ушул Кодекстин талаптарына ылайык тергөөчү, прокурор, сот тарабынан изилденип, баа берүүгө тийиш. (КР 2003-жылдын 13-мартындагы № 61 мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
48-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (2)
- Порядок оплаты труда адвоката за счет средств республиканского бюджета (Утвержден постановлением Правительства Кыргызской Республики от 24 мая 2003 года №306)Порядок · 24.05.2003 · № 306
- Мамлекет кепилдик кылган юридикалык жардам системасын өркүндөтүү Концепциясы ( Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 12-октябрындагы № 457 Жарлыгы менен бекитилген)Концепция · 12.10.2005 · № 457 · Күчүн жоготкон
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-48" title="48-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>