Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Закон КР «О внесении дополнений и изменений в Уголовно-процессуальный кодекс Кыргызской Республики»
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 24 января 2017 года № 10 "О введении в действие Уголовного кодекса Кыргызской Республики, Кодекса Кыргызской Республики о проступках, Уголовно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Уголовно-исполнительного кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "Об основах амнистии и порядке ее применения"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2017-01-24.
КР 2017-жылдын 24-январындагы № 10 Мыйзамына ылайык 2019-жылдын 1-январынан тартып КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙ3АМЫ
Бишкек шаары, 2003-жылдын 13-марты № 61
Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизүү жөнүндө
1-статья. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 1999-жыл, N 10, 442-ст.) төмөндөгүдөй толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1. 5-статьяда:
он жетинчи абзац "соттолуучунун коомдук жактоочусу" деген сөздөр менен толукталсын; статья төмөндөгүдөй мазмундагы он сегизинчи абзац менен толукталсын: "Юридикалык жактардын, саясий партиялардын, кесиптик кошундардын, укук коргоо жана башка коомдук бирикмелердин өкүлдөрү соттолуучунун коомдук жактоочусу болушуна жол берилет."; он сегизинчи-кыркынчы абзацтар тиешелүүлүгүнө жараша он тогузунчу-кырк биринчи абзацтар деп эсептелсин.
2. 44-статьяда:
биринчи бөлүк "соттолуучунун" деген сөздөн кийин ", күбөнүн" деген сөз менен толукталсын; үчүнчү бөлүк төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "(3) Жактоочу ишке шектүү (айыпкер), күбө биринчи суракка алынган учурдан же шектүү (айыпкер) иш жүзүндө кармалган учурдан тартып катышат."; бешинчи бөлүк "соттолуучунун" деген сөздөн кийин "күбөнүн" деген сөз менен толукталсын.
3. 45-статьяда:
биринчи бөлүк "соттолуучу," жана "соттолуучунун" деген сөздөрдөн кийин тиешелүү түрдө "күбө," жана ", күбөнүн" деген сөздөр менен толукталсын. үчүнчү бөлүк "соттолуучуга," деген сөздөн кийин "күбөгө," деген сөз менен толукталсын.
4. 48-статьянын үчүнчү бөлүгүндө:
1-пункт "соттолуучуга," деген сөздөн кийин, "күбөгө," деген сөз менен толукталсын; 2-пункт "арыз" деген сөздөн кийин "жана түшүнүк" деген сөздөр менен толукталсын; 5-пункт "айыпкерди," деген сөздөн кийин "күбөнү," деген сөз менен толукталсын; 8-пункт төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: "8) иштин материалдарынан көчүрмө алууга, алардан керек болгон маалыматтарды жазып алууга;".
5. 97-статьянын экинчи бөлүгү төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
(2) Эгерде кармалган учурдан тартып жетимиш эки сааттын ичинде адам кармалып турган жердин зардалына кармалган адамга карата камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасын колдонуу жөнүндө токтом түшпөсө, адам камалган жердин зардалы бул туурасында прокурорго жазуу жүзүндө токтоосуз кабарлайт, ошондон кийин прокурор кармалган адамды камакка алууга карата бөгөт коюу чарасын колдонбогон учурда адам кармалып турган жердин зардалы кармалган адамды токтоосуз бошотот жана протокол түзөт.".
6. 112-статьяда:
статья "Андан ары" деген сөздөрдүн алды "(1)" деген сан менен толукталсын; статья төмөндөгүдөй мазмундагы экинчи бөлүк менен толукталсын: "(2) Бөгөт коюу чарасы төмөндөгү учурларда гана алда канча катаал чара менен алмаштырылышы мүмкүн: эгерде айыпкерге Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин тиешелүү статьяларында каралган оор же өзгөчө оор кылмыш жасады деген жаңы айып коюлса; эгерде айыпкер милдеттенмесин бузса же ушул Кодекстин 105-статьясынын биринчи бөлүгүндө же 109-статьясынын алтынчы бөлүгүндө көрсөтүлгөн укук бузуу жасаса.".
7. 240-статьянын экинчи бөлүгүндөгү:
"Улуттук коопсуздук министрлигинин" деген сөздөр "Улуттук коопсуздук кызматынын" деген сөздөр менен алмаштырылсын; бөлүк "Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин" деген сөздөрдөн кийин ", Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Бажы кызматынын" деген сөздөр менен толукталсын.
8. 250-статьядагы "жана андан зарыл болгон маалыматтарды жазып алууга" деген сөздөр ", алардын көчүрмөсүн алууга же керектүү маалыматтарды жазып алууга" деген сөздөр менен алмаштырылсын.
9. 264-статьянын үчүнчү бөлүгү "учурда, сот прокурордун" деген сөздөн кийин ", соттолуучунун же анын жактоочусунун, жабырлануучунун же анын өкүлүнүн" деген сөздөр менен толукталсын.
2-статья. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А.Акаев
2003-жылдын 6-февралында
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан кабыл алынган
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу…Закон · 24.01.2017 · № 10
- ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИКодекс · 30.06.1999 · № 62 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Жазык кодексин, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексин, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу…Закон · 24.01.2017 · № 10
- ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИКодекс · 30.06.1999 · № 62 · Күчүн жоготкон
- Кылмыш ЖазаКодекс · 01.10.1997 · № 68 · Күчүн жоготкон