433-1-статья. Өткөрүп берилген адамдарды транзиттик ташуу
Күчүн жоготкон · 30.06.1999 редакциясы · 48-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 24 января 2017 года № 10.
(1) Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык же тийиштүү сурам боюнча өз ара мамиле принцибинин негизинде, жазык куугунтугун же өкүмдү аткаруу, үчүн үчүнчү мамлекеттерге берилген адамдарды Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча транзиттик ташууга Кыргыз Республикасы чет мамлекетке уруксат бере алат. (2) Кыргыз Республикасынын аймагында адамдарды транзиттик ташуу жөнүндө сурам боюнча чечимди Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору же анын орун басарлары кабыл алат. (3) Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча транзиттик ташуу учурунда адамдарды камакка алуу үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун же анын орун басарынын уруксаты жана өткөрүлүп берилген адамды камакка алуу жөнүндө чет мамлекеттин сот же башка компетенттүү органынын чечими негиз болуп саналат. (4) Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча транзиттик ташууга уруксат берүүдө ушул Кодекстин 434-статьясында каралган негиздер болгон учурда баш тартуу болушу мүмкүн. (5) Аба жолдору аркылуу транзиттик ташууда аны жүзөгө ашыруу үчүн уруксат Кыргыз Республикасынын аймагындагы аба кемесинин конуу аралыктарынын учурунда гана талап кылынат. Мындай учурда Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча адамдарды транзиттик ташуу жөнүндө сурам жалпы тартипте каралат. (КР 2012-жылдын 10-августундагы № 164 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 30.06.1999 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
433-1-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/9/st-433-1" title="433-1-статья - ЖАЗЫК-ПРОЦЕССТИК КОДЕКСИ (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>